super.kg logo

Сейрек кездешкен жаныбарларга аңчылыкка тыюу салуу зарылдыгы боюнча суроого чиновник так жооп бере алган жок

 

Кыргыз Республикасында 52 аңчылык чарбасы бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 23-ноябрдагы жыйынында Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин өкүлү билдирди.

Анын айтымында, 2015-жылы мыйзамсыз аңчылык боюнча 720, 2016-жылдын 6 айынын ичинде 350 иш катталган. Депутаттар сейрек кездешүүчү жаныбарларга аңчылыкка тыюу салуу зарыл экенин айтышып, бул пикир менен макул же макул эместигин сурашты.

Чиновник жаныбарлардын кээ бир түрлөрүнө аңчылыкка узак мөөнөткө тыюу салууга каршы эместигин айтты. "Айрым канаттууларга болгон аңчылыкка уруксат берсек болот. Ал эми кескин азайып бараткан жаныбарларды атып өлтүрүүлөрдү кыскартууга даярбыз", - деди аталган агенттиктин өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.11.2016. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Агенттиктен башталат да чон коррупцияга кеткен жолдун башы... Жанар Акаев жаны шайланып келгенде сейрек кездешуучу жаныбарларды атууга тыю салган же узак моонотко мораторий киргизуучу мыйзамды демилгеледи эле эми ун-соз жок андан. Ошол мыйзам кабыл алынып, браконьерлер учун жазалар катаалдаштырылса, мисалы 5 жылдан жогору абакка кесуу керек. Анан ошол мыйзамдар иштесе мыйзамсыз анчылыктар кыскарат.
24.11.2016. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хы, мине, жонокой эл сейрек кездешкен жаныбарларга ууга чыгат дейсинерби? Ошол жогорку креслолорду ээлегендер элирип барат. Ошо себептуу баары дым-дымм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: