super.kg logo

Тажикстанда кыргыз элинин Маданият күндөрү өттү

 

Тажикстанда 17-20-ноябрда Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрү өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Ачылуу аземине Тажикстандын маданият министри Шамсиддин Орумбекзод жана кыргыз тараптан министрдин орун басары Фархад Бекманбетов катышты.

"Кыргыз делегациясы Дүйшөмбү жана Вахдата шаарларынын тургундарын мыкты даярдалган маданий программа менен кубандырды. Музыка жана бий тармагындагы чыгармачыл топтор эң кооз, эстен кеткис номерлерин тартуулап, кыргыз элинин салтын, маданиятын көргөзө алышты", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле кыргыз киносунун жумалыгында Кинематографисттер үйүндө "Курманжан датка", "Аку", "Сүтак" тасмалары көрсөтүлгөнү белгилүү болду. Ал эми концертте Бишкек шаарынын мэриясынын элдик аспаптар оркестри Токтогул Сатылгановдун, С.Жумалиевдин "Миң кыял", "Мекеним сенден башталат", Ж.Шералиевдин "Кыштак четинде" жана "Эргиме" чыгармаларын, Т.Казаковдун "Сүйүү жазы" жана Н.Тилендиевдин "Тажик бийи" чыгармаларын аткарышты.

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисттери Замира Мавлянова, Чырмаш Төрөбеков жана Бишкек мэриясынын оркестринин солисти Бакыт Ыбыкеев "Кутмандуу жер", "Неаполитанская песня", "Алтынчы күнү кечинде", "Ой, тобо", "Сагындым" ырларын аткарышкан. Ал эми ырчы Нэна "Нарындан жазган салам кат" жана "Өмүр майрамы" ырларын тартуулаган.

Мындан сырткары көргөзмөлөр да уюштурулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
23.11.2016. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Тажиктер чакырып бир демкени мелжел кылып жатыргой.
23.11.2016. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаман ойлоштун кереги жок, мындай иш-чаралар мурдатан эле болуп келген. Бул аркылуу элдердин достугу бекемделет, бири-биринин маданияты менен таанышат дегендей да.

1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: