super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 24-НОЯБРЬ: 286 жыл мурун орус аскер башчысы Александр Суворов туулган

 

Мындан 286 жыл мурун, 1730-жылы орус аскер башчысы Александр Суворов туулган. Ал кургактагы жана деңиз аскерлеринин генералиссимусу, австриялык жана Сардиныдагы аскерлердин генерал-фельдмаршалы, өз убагындагы бүткүл орусиялык, ошондой эле көптөгөн чет элдик ордендердин ээси болгон.
Атасы орус армиясынын генералы болуп, уулун катуу тартип менен тарбиялаган. А.Суворов 17 жашынан тарта өмүрүн аскер кызматына арнаган. Орустун аскер өнөрүн негиздеген А.Суворов 7 тилде эркин сүйлөй билген жана өзү кол башчылык кылган салгылашуулардын эч биринде душмандарынан жеңилген эмес.
А.Суворов өзүн мыкты аскер башчы катары падыша Екатерина II бийликте турган учурда орус-түрк согуштарында көрсөтө баштаган. Алсак, 1790-жылы ал аскерлери менен бирге Түркияда жайгашкан Измаил чебин басып алган. Чечкиндүүлүгү менен айырмаланган аскер башчы башкалардан дагы бул күчтүү сапатты талап кылган. Ошондой эле өзүнүн тажрыйбаларына таянып, армияны окутуп-тарбиялоонун системин иштеп чыккан.

Анын аскер башчылык доорунун акыркы этабы болуп 1799-жыл эсептелет. Анда ал Швейцарияга аскердик жүрүш жасап, Альпы тоолорун ашып өткөн. Бул үчүн ага эң жогорку аскер чини - генералиссимус берилген. Александр Суворов Санкт-Петербургда 1800-жылы 18-майда каза болгон.

24-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: