Жалал-Абад облусунда 17 мергенчиге айып салынды

Жалал-Абад облусунда 6 даана ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Атайын рейд жүргүзүлүп, ок атуучу куралдар алынды. Алардын ичинен 5 адам өз эрки менен өткөрүп берген. Бир ок атуучу курал мыйзамсыз сакталгандыгы аныкталган. Мындан тышкары мергенчилик кылган 17 атуулга ок атуучу куралдарды алып жүрүү уруксатынын мөөнөтү бүткөндүгү үчүн протокол толтурулуп, 3400 сом айып салынды", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, рейд учурунда мурда катталган 2 кылмыштын бетти ачылган. Бүгүнкү күндө коомдук жайларда, соода түйүндөрүндө курал-жарак, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды алууну күчөтүү иштери жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:28
2025-07-17
16:21
2025-07-17
16:10
2025-07-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.