Депутат Социалдык фондго: "Пенсионер күнүнө 140 сомго жашай алабы?"

Кыргыз Республикасында пенсионерлердин эң төмөнкү тиричилик каражатынын көлөмү 4200 сом. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Экмат Байпакбаев Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянып билдирди.
Андан соң ал Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаровго: "Айына 4200 сом алган пенсионер күнүнө 140 сомго жашай алабы?"- деп суроо узатты. Абжапаровдун айтымында, пенсионер 4200 сомго бир ай жашай алат, бирок оор болот. "Жыл сайын Социалдык фонд пенсиянын көлөмүн көтөрүүгө аракет кылып жатат. Быйыл пенсия жогорулатылган", - деди чиновник.
Депутаттар Социалдык фондго төмөнкү пенсияларды көтөрүүнү тапшырышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
-2

Уч балам бар, озум иштебейм, атабыз чет мамлекетте