super.kg logo

Өлкөдө 13 миң гектардан ашуун жер трансформация боло элек

 

Өлкөдө 13 миң гектар жерге турак жай салынып, бирок трансформация болбой жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда SUPER.KG порталына Трансформация кыймылынын башкы координатору Бекназар Айталиев билдирди.

"2013-жылы жерди трансформация кылуу аракетин көрүп атайын кыймыл түзгөнбүз. Ошол убактан бери жерин трансформация кыла албай жүргөн адамдарды каттай баштадык. Бүгүнкү күндө республика боюнча 13 398 гектар жер трансформацияланбай, турак жайлар салынып калган. Мында 42 204 үй-бүлө жашап жатат. Трансформация маселесине тагдыры байланып тургандардын 90 пайызы жаш үй-бүлөлөр болууда. Маселесин чечүү боюнча ушул күнгө чейин карапайым эл 8 жолу митингге чыккан", - деп билдирди Айталиев.

Маалыматка ылайык, трансформациялоо иштерин экс-премьер-министр Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов жана учурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков чече албай келет. Белгилүү болгондой, буга чейин Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттары трансформация маселесин парламентте карап, 1-окууда жактырышкан.

Эске салсак, 2009-жылдын 31-июлунда жерди трансформациялоого мораторий жарыяланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: