super.kg logo

"Супер сулуу-2016" сынагынын финалчылары менен тааныштырабыз!

 

Учурда "Супер сулуу-2016" сынагынын катышуучулары кызуу даярдыктарды көрүшүүдө. Жеңүүчү кыштын ызгаарында экзотикалык өлкөгө, деңиз жээгинде саякаттоого жолдомо алат. Сынакта сулуулар өзүн тааныштыруу, купальникчен чыгуу, чыгыш бийин бийлөө, кече көйнөгүн көрсөтүү сыяктуу тапшырмаларды аткарышат.
"Супер сулуу-2016" сынагы 9-декабрда SUPER.KG порталынын 10 жылдык мааракесине байланыштуу Кожомкул атындагы Спорт Ордосундагы чоң концертти коштойт. Кечээтен баштап сынактын катышуучулары тууралуу видеолор "Медиа-порталдын" "Супер ТВ" бөлүмүнө жүктөлө баштаган. Анда эмесе, аталган бөлүмгө кирип, сулууларга бир суктануудан мурун алар менен таанышып алыңыз!

Айжамал Бакытбек кызы, 20 жашта. Учурда Бишкек гуманитардык университетинин экономика факультетинде окуйт."Кесибим экономист болгонуна карабастан, жан дүйнөм моделдер чөйрөсүнө жакын. Окуудан сырткары сулуулук салонунда кыздардын чачын жасалгалап, аларга сулуулук тартуулап эмгектенем", - деген "Супер сулуу-2016" сынагынын финалчысы Айжамал Бакытбек кызы сууда сүзүп, футбол ойногонду да жактырат.

Айжамал Бакытбек кызы тууралуу видеону бул жерден көрө аласыз.

Элиза Абдывалиева, 18 жашта. Бишкек гуманитардык университетинде окуйт. Келечектеги башталгыч класстын мугалими."Бош убакта китеп окуйм, аялзатынын көркүнө көрк кошкон мончок-шурудан саркеч буюмдарды жасайм. Бул сынакка өзүмдү сынап, кыргыз кыздарынын сулуулугун даңктоо үчүн катышып жатам. Анткени ар бир кыз, эже-сиңди, энелер, деги эле аялзаты сулуу", - дейт Элиза Абдывалиева.

"Супер сулуу-2016" сынагынын финалчысы Элиза Абдывалиева тууралуу видео.

Айпери Токтогулова, 20 жашта. Кыргыз улуттук университетинин экономика жана каржы факультетинде билим алат."Окуудан сырткары телеканалдардын биринде алып баруучу болуп иштейм. Кичинекей кезимден бери жаныбарларга жакын болгондуктан, зоопарктарга бат-бат барып турам. Ошондой эле муз үстүндө коньки тепкенди жактырам", - дейт финалчы Токтогулова. Анын айтымында, ал буга чейин сулуулар сынагына катышып көргөн эмес.

Айпери Токтогулованын видеосун бул жерден көрүңүз.

Роза Алтаирова Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Арал айылында 1997-жылы төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде кийим дизайнери адистигинде окуйт."Өзүм кийим тигүүнү жактырам, дүкөндөрдү кыдырганды жакшы көрөм. Мурун сулуулардын сынагын көрүп кандай өтөрүнө кызыкчумун. Эми өзүмдү сынап көрүү үчүн катышып жатам", - дейт "Супер сулуу-2016" сынагынын финалчысы.

Роза Алтаирова тууралуу видеону көрүү үчүн шилтеме.

Азиза Бакирдинова, 20 жашта. Тоо-кен иши жана тоо-кен технологиялары институтунун студенти, кесиби - геолог."Убакыт - учкан куш" демекчи, ар бир нерсеге өз убагында жетишүүгө аракет кылам. Мен үчүн ар бир өткөн убакыт баалуу. Ошондуктан эртең менен эрте туруп чуркоо, ден соолукка пайдалуу көнүгүүлөрдү жасоо, таза абада болуу, жаратылыштын кооздугуна суктануу - мен үчүн дени сак жашоонун образы. Атайын убакыт бөлүп китеп окуп, билбеген нерселерди билүүгө шашылам. Албетте, үй жумуштарын да жасап ата-энеме жардам берем", - дейт Азиза Бакирдинова. Ал келечекте өлкөдөгү пайдалуу кендерди таап, экономиканы көтөрүүгө салым кошууну көздөйт. Анын хоббиси - ат менен жаратылыштын кучагында сейилдөө, бийлөө.

Азиза Бакирдинованын видеосун көрүү үчүн бул жерди басыңыз.

Аида Карабаева, 18 жашта. Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында төрөлгөн. Кыргызстан эл аралык университетинде окуйт.

"Кызы болом кыргыздын,
Мекеним мейкин, ырысым.
Мээнеттенем сен үчүн,
Өзүңдөй жансын жылдызың...
"Супер-Инфо" сулуулары каратат,
Сулуулуктун символдорун жаратат.
Жеңишти мен жеңип алсам деп турам,
Себеби мага "Супер-Инфо" сулуусу болуу жарашат", - дейт Карабаева.
Кезектеги финалчы Аида Карабаеванын видеосун бул жерден көрө аласыз.

"Супер сулуу-2016" сынагынын финалчысы Алия Шайырбекова Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын эстрада бөлүмүндө билим алат.

"Кичинекей кезимден бери ырдаганды, бийлегенди жана мукамдуу обондорду жаратууну кыялданчумун. Ар бир сабак өзгөчө мааниге ээ. Аларды калтырбоого аракет кылам. Кичинекей балдарды жакшы көргөндүктөн, Балдар борборунда хореографиядан сабак берем. Ошол эле маалда кыялдарымды орундатып жатам. Алдыга койгон максатка жетүү үчүн ар бир инсандын өз каалоосу болушу керек. Ал эми ийгиликтерге жетүү үчүн талыкпай эмгектенип, алдыга умтулуу керек. Өз максатыма жетүү үчүн ушул сынакка катышып жатам, жеңүү үчүн болгон аракетимди жумшайм", - деди Шайырбекова.

Алия Шайырбекованын видеосун бул жерден көрсөңүз болот.

Мээрим Жумабаева, 20 жашта. Кыргыз-казак университетинин чет тилдер факультетинде окуйт."Сүрөткө түшүүнү, сейилдөөнү, музыка укканды жакшы көрөм. Өзүмдүн жашоомдо жаңы ийгиликтерди жаратуу үчүн, жаңы кадамдарды таштоо үчүн сынакка катышып жатам. Ошондой эле сынакка катышуу менин көптөн күткөн кыялым болчу. Келечекте тилдерди үйрөнүп, көптөгөн мамлекеттерге саякаттагым келет", - дейт Жумабаева.

Финалчы Мээрим Жумабаева тууралуу видеону көрүңүз.

Медина Ыбышева, 20 жашта. Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында окуйт.

"Келечекте өлкөбүздү дүйнө жүзүнө тааныткан, белгилүү, атагы чыккан ырчы болгум келет. "Супер сулуу" сынагына катышканымдын себеби - өзүмдү дагы бир жолу сынап көрүү. Ушул сынакта татыктуу кыз жеңет деп ишенем, андыктан катышуучуларга ийгилик каалайм", - деген Ыбышева флейтада ойноп, бий менен алектенет.

Медина Ыбышеванын видеосун көрүүнү кааласаңыз бул шилтемени басыңыз.

Элиза Ташбаева, 20 жашта. Кыргыз улуттук университетинин педагогика факультетинин студенти.

"Бала чагымдан бери спортко жакынмын. 8-9 жылдан бери спорт менен машыгып келем. Бокс боюнча бир катар ийгиликтерге жетишкем. Университеттин кыздар арасында, Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 54 килограмм салмагында чемпионумун. Буга чейин сулуулар сынагына катышып көргөн эмесмин. "Супер сулуу" сынагына өзүмдү сулуулук дүйнөсүндө сынап көрүү үчүн катышып жатам. Бир гана спорт жаатында ийгиликтерди жараткандан сырткары сынактын жеңүүчүсү болуп таажы тагынгым келет", - дейт финалчы Элиза Ташбаева.

Элиза Ташбаева тууралуу видеону көрүү үчүн бул шилтемени басыңыз.

Алтынай Эмилбекова, 21 жашта. Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөн. Учурда кесиби боюнча иштейт.

"Жаш болгондуктан, өзүмдү ар кайсы тармакта сынап келем. Кыргызда "саны бар, сапаты жок" деген сөз бар эмеспи, ошондуктан мен өзүмдүн ишимдин майын чыгара алам деп ишенем. Менин тандоом - саясат. "Супер сулуу" сынагына 2 жыл мурун катышайын дегем, бирок анда моралдык жактан даяр эмес болчумун. Убакыт такшалтат экен. Быйыл жеңишке күчүм жетет деп ойлойм. "Супер сулуунун" жеңүүчүсү жалгыз гана сулуулуктун ээси болбой, сүйлөгөн сөзү, баскан-турганы төп келишкен жылдыздуу болушу керек", - дейт Эмилбекова.

Алтынай Эмилбекова тууралуу видеону көрүү үчүн бул жерди басыңыз.

Гүлинса Нышанбай кызы, 23 жашта. Учурда Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинде сырттан окуйт. Ошондой эле өзүнүн сулуулук салонун иштетет.

"Жашоодогу урааным - убакытты туура пайдалануу. Убакыт бизди эмес, биз убакытты пайдаланышыбыз керек. Ошондуктан ар бир мүнөтүмдү баалап өткөрөм. Велосипед тепкенди жакшы көрөм. Жан дүйнөм музыкага жакын. Кээде ыр, музыка жаратам. Клип, тасмаларда роль жаратып калам. Сынакка катышуумдун себеби, өзүмдү сынап, жашоомо жаңы нерселерди киргизгим келди", - дейт Гүлниса Нышанбай кызы.

"Супер сулуу-2016" сынагынын финалчысы тууралуу видеону көргүңүз келсе, бул жерди басыңыз.

Эльвира Мавлянова 1995-жылы төрөлгөн. Кыргыз экономикалык университетинин студенти. Окуудан сырткары ресторанда бармен болуп иштейт.

"Аялзаты ашканада мыкты болушу керек. Мен дагы мыкты болууга аракет жасайм. Спортко жакынмын, жумасына 3 жолу ага атайын убакыт бөлөм. Сынакка өзүмдү ар тараптуу таланттуу адам экенимди көрсөткүм келгеним үчүн катышып жатам. Келечекте дүйнөнү кыдырып, алдыга койгон максаттарымды орундаткым келет", - дейт Эльвира Мавлянова.

Эльвира Мавлянова тууралуу видеону көрүү үчүн шилтеме.

Бактыгүл Орозбаева 1997-жылы төрөлгөн. Кыргызстан эл аралык университетинде кытай тилин өздөштүрүүдө.

"6 жылдан бери волейбол ойнойм. Негизинен волейбол ойноо жагат. Китеп окуганды, бийлегенди аябай жакшы көрөм. Апам акын болгондуктан, поэзияга жакынмын. "Супер сулуу" таажысын тагынгым келгени үчүн сынакка катышып жатам. Эгер жеңип калсам, жеңишти кичи мекениме жана апама арнагым келет", - дейт Бактыгүл Орозбаева.

Финалчы Бактыгүл Орозбаева тууралуу видео бул жерде.

Айзада Абанбекова Кыргыз улуттук университетинде дин таануу багытында билим алып, араб тилин өздөштүрүүдө.

"Окуудан сырткары каскадёрлук кесипти да аркалагым келет. Ал үчүн машыгуу залына барып, машыгып турам. Албетте, кыз киши үчүн татаал, оор нерсе десем болот. Бирок мен кичинемден ат жандыгына жакын болуп, экстремалдуулукту жактырганым үчүн бул кесип мага өтө оордой деле сезилбейт. Спорт жаатында, театр чөйрөсүндө ийгиликтерди жараткам. Адам жашоого бир келет, жашоосунда пайдалуу, керектүү нерселерди таба билиши керек деп эсептейм. Сынак мен үчүн чоң каалгалардын бири", - деген финалчы Абанбекованын видеосун бул жерден көрүңүз.

Динара Мусаева, 22 жашта. Эл аралык "Ататүрк-Ала-Тоо" университетинин дүйнөлүк экономика факультетин аяктаган. Учурда япониялык компанияда эмгектенет.

"Күнүмдү спорт менен баштайм. Бий ийримине катышам. Кичинекей кезимден бери чыгыш жана улуттук бийин жакшы өздөштүргөм. Убактымды текке кетирбей, сулуулук салондорунан сабак алып келем. Сынакка катышуумдун негизги максаты - өз күчүмдү сыноо, өзүмдү эл алдында көрсөтүү, ошондой эле өзүмдү элдин көзү менен көрүү. Сынакка катышкан кыздарга ийгилик каалайм", - дейт Динара Мусаева.

Динара Мусаева тууралуу видео бул жерде.

Биз дагы өз кезегибизде "Супер сулуу-2016" сынагынын финалчыларына ийгилик каалап кетебиз!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(108)
29.11.2016. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ кантип добуш берсе болот????
30.11.2016. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айжамал бакытбек кызы татынакай экен соз жоок аида дагы нечеошка экен
30.11.2016. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бардык кыздар сулуу экенсинер.
30.11.2016. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Менин келинчегиме бироо да жетпейт экен.
07.12.2016. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
modem4999,эзип койдунго
30.11.2016. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул жерде 3 кыз катышбай деле койсо болмок экен
калганы баары сулуу
30.11.2016. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азиза Бакирдиновага ийгилик каалап кетем,ыйманы ысык кыз экен,мага аябай жакты келбети
30.11.2016. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жарымынан кобу татаыктуу эмес экен.
01.12.2016. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
brit, Порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
02.12.2016. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бултушка кыздар экен баарынарга ийгилик,баарынар биздин сыймыгыбызсынар.Таандайын десек биринен бирин отуп сулуусунар!!!
02.12.2016. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактыгул Орозбаева чурок женишке жетишеткоо!!!
02.12.2016. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыздардын баарыле ушундай спортсменби баары туруп ертеменен чуркашат екенго,
мен билгенден кобу ХХХ укташат ертеменен
Модератор admin_portal түзөттү 2016-12-08 11:35:14
08.12.2016. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurrka, этика нормаларын сактаңыз!
03.12.2016. 07:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аида карабаева менен мээрим сулуу экен. Калгандары баары татынакай. Аял затынын баары по своему сулуу. Сулуу эмес аял жок. Бактыгул баарынан татыктуу го мисалы харизматичная и ещё спортсменка комсомолка отличница дегендей экен да .
tea23 түзөттү 2016-12-03 07:46:06
03.12.2016. 07:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айжамалдын сузгонун коруп мойнум ооруп кетти. Мен ошентип сузсом фристайлды менин мойнума жанчкак турса керек. Ачык Эле айтпайбы мындай спорт менен заниматься этпейм деп башкаларын айтпаптыр да танцага тушуп койом дискодо Деп мисалы.
04.12.2016. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага бироо да жакпады
04.12.2016. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Гитара кармаган кыз катышпай эле койбоптур
04.12.2016. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Гулинса жакындайт окшойт бир аз калгандары )))))) сулуулар конкурсу болгондон кийин сулуулар катышса болмок ))))))))))))))))
04.12.2016. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аидадан башкасына минус
04.12.2016. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аида Карабаевага ийгилик
05.12.2016. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1 татыктууго
05.12.2016. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аида сулуу кыз экен ананда видеосун корсонор маанилуу экен ийгилик
05.12.2016. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза Алтаированы колдойм
06.12.2016. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооо кандай татынакай кыргызымдын кыздары баарыңарга ийгилик каалайм алга, фигуранарды качан көрөбүз
07.12.2016. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиги бармен кыздан башкасы татынакай экен озгочо Алтынай Эмилбекова карап отургудай эле экен суроту
07.12.2016. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гитара кармаган кыз Атамбаевдин кызына окшошуп кетет экен
07.12.2016. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Общи канча кыз катышат и каерден добуш берсе болот
07.12.2016. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shaku2015, саламатсызбы? добуш берүү токтотулган.
07.12.2016. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аида сулуу кыз экен бирок жыртык шым кийгени болбой калыптыр.ХХХ жоктойго
Модератор admin_portal түзөттү 2016-12-07 17:23:06
07.12.2016. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulbar_85, порталдын эрежелерин сактаңыз!
07.12.2016. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары эле бир купальник менен суротко тушо бергенби
09.12.2016. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ksb, кимдир-бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз, эскертүү!
09.12.2016. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роза Алтаирова баш байгеге татыктуу көрүнөт
09.12.2016. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары сулуу, бирок, Роза Алтаирова өзгөчөлөнүп турат...
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: