super.kg logo

Ноокат районунун акими: "Нарай мектебинин кабыл алына элек спортзалына окуучуларды киргизүүгө мүмкүн эмес"

 

Ноокат районундагы Нарай орто мектебинин спортзалынын курулуш иштери бүтө элек. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда SUPER.KG порталына Ноокат районунун акими Бекболот Айтиев билдирди.

"Нарай орто мектебинин спорттук залы толугу менен курулуп бүтө элек. Залдын курулушу боюнча жергиликтүү Экологиялык жана техникалык инспекциянын кызматкерлери келип, "курулуш нормалары сакталган эмес" деп эки жолу акт түзүп кетишкен. Азыркы күндө калыбына келтирүү аракеттери көрүлүп жатат. Эгерде директор окуучуларды спортзалга киргизип жиберсе, ал жооп берип калат, анткени курулуш компаниясы мектепти комиссияга өткөрүп бере элек. Ошондуктан азырынча
спортзалга кирүү мүмкүн эмес",
- деп билдирди район акими.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов парламентте: "Дене тарбия сабагын спортзалда өткөрүүгө уруксат берилбей жатат. Спортзалдын салтанаттуу ачылыш аземи өткөрүлмөйүнчө ачылбайт экен", - деп билдирген.

Депутаттын айтымында, мектептин спортзалынын курулушу 2010-жылы башталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
24.11.2016. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Киргизбейле тургула. Чондор азыр бош эмес. Булар бошогончо быйылкы окуу жылы аяктайт.
Sagyn.91 түзөттү 2016-11-24 17:45:23
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: