super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 24-НОЯБРЬ: 101 жыл мурун дүйнөдөгү алгачкы толук автоматтык пулемётту ойлоп тапкан Хайрем Стивенс Максим каза болгон

 
Ойлоп табуучу өзү жасаган дүйнөдөгү алгачкы толук автоматтык пулемёттун жанында

1915-жылы 24-ноябрда айтылуу Максим пулемётун жасаган ойлоп табуучу Хайрем Стивенс Максим каза болгон. Ал 1840-жылы 5-февралда АКШнын Мэн штатындагы Сэнгервиле шаарында жарык дүйнөгө келген. Башталгыч мектепти бүтүргөн соң Фитчбург, Бостон жана Нью-Йорк шаарларындагы ишканаларда чиймечи болуп иштеген.

Электротехниканы жакшылап өздөштүрүп, 1877-жылы кесиптеши менен электрдик жарыктандыруу менен алектенген компанияны негиздеген. 1881-жылы Париждеги көргөзмөдө бир нече ойлоп табууларын (анын ичинде электр лампалары жана динамо-унаалары бар) элге тартуулаган.

1881-жылы Англияга көчүп барып, курал жасоо менен алектене баштайт. 1888-жылы кесиптеши Норденфельт менен биргеликте замбирек жана пулемётторду жасап чыгаруучу ишкана ачкан. Конструктордун жасаган куралдары Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда колдонулган. Х.Максим мындан тышкары астманы дарылай турган ментол ингаляторун дагы ойлоп тапкан.

24-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: