ЖЫЛНААМА, 25-НОЯБРЬ: 172 жыл мурун Mercedes унаасын, дүйнөдөгү алгачкы автобусту жасаган Карл Бенц туулган
1902-жылы чыккан алгачкы Mercedes автоунаасы


1902-жылы чыккан алгачкы Mercedes автоунаасы

Карл Бенцтин алгачкы 4 дөңгөлөктүү Victoria унаасы

Дүйнөдөгү алгачкы автобус

Дүйнөдөгү алгачкы жүк ташуучу унаа
Мындан 172 жыл мурун Mercedes унаасын, дүйнөдөгү алгачкы автобусту жана жүк ташуучу унааны жасап чыккан немис инженери жана ойлоп табуучу Карл Бенц туулган. Карл мектепти бүтүп, 1853-жылы Техникалык лицейге, андан соң Политехникалык университетке тапшырган. 1864-жылы 9-июлда 19 жашында Механика университетинин техникалык факультетин аяктаган. Кийинки 7 жыл Карлсруэде, Мангеймде, Пфорцгеймде жана Венада иштеген.
1872-жылы автоунаанын кыймылдаткычтарын жасоо менен алектене баштап, 1878-жылы 31-декабрда бензин кыймылдаткычына патент алган. Андан соң Карл Бенц келечектеги автоунаанын тоомдоруна жана системдерине патент алган: акселераторго, жандыруу системине, карбюраторго, илмектерге, муздаткыч радиаторуна.
1882-жылы "Gasmotoren Fabrik Mannheim" акционердик ишканасын ачып, 1883-жылы жаап койгон. Ошол эле жылы "Benz & Company Rheinische Gasmotoren-Fabrik" компаниясын негиздеген. 1885-жылы өзүнүн алгачкы 3 дөңгөлөктүү Motorwagen автоунаасын жасап, аны 1886-жылы патенттеген. 1926-1998-жылдары күчтүү концерндердин бири болгон Daimler-Benz AG автоунаасын чыгаруучу компанияны негиздеген.
1893-жылы саатына 20 чакырымды басып өтүүчү 4 дөңгөлөктүү Victoria унаасын, 1895-жылы дүйнөдөгү алгачкы жүк ташуучу унаа жана автобусту жасаган. 1902-жылы анын компаниясы ошол убактагы эң мыкты унааны куруп чыгып, аны фирмасынын өнөктөшүнүн кызынын урматына Mercedes деп атаган. 1926-жылы К.Бенцтин компаниясы "DMG Daimler" компаниясы менен биригип, андагы чыккан автоунаалардын баары Mercedes Benz деп аталып калган.
Карл Бенц өпкөсүнүн сезгенишинен 1929-жылы 4-апрелде Ладенбургда каза болгон.
25-ноябрга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Мерседес деген кыздын атасы ачып фирманы,кийин Мерседес кызы Бенс деген жигитке турмушка чыгып анан Мерседес-Бенс болгон деп окудук эле?