Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районуна 150 орундуу оорукана курулууда





Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районуна 150 орундуу оорукана курулууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Имараттын пайдубалын түптөөдө капсула салынды. Маалыматка ылайык, оорукананын курулушу үстүбүздөгү жылдын май айында башталган. Долбоордун бүтүшү 2018-жылдын үчүнчү кварталына пландалууда.
"Заманбап оорукана 3 корпустан туруп, галерея аркылуу бириктирилет. Медициналык жабдуулар, "Тез жардам" унаалары менен камсыздалат. Бул долбоорго жалпысынан 2 миллиард сомго жакын каражат жумшалат. Курулуш Кытай мамлекетинин каржылоосу менен кайтарымсыз гранттын эсебинен ишке ашып жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Курулуш 9 баллга жеткен жер титирөөгө туруштук берери кошумчаланат маалыматта.
басма сөз кызматы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
-Sumitra-

25.11.2016. 14:36
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жакшы жанылык.Жумушчуларга куч кубат берсин!Аябай суук болуп атат.
Elime

25.11.2016. 15:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оо жакшыы...Бир убакта ушул тарапка да курулса жакшы болмок деп ниет кылдык эле.
tulpar90

25.11.2016. 15:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы биздин районго .
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.