super.kg logo

Бишкекте Үркүндүн 100 жылдыгына арналган көргөзмө өткөрүлдү (фото)

 

Бүгүн, 25-ноябрда борбор калаадагы М.Фрунзенин мемориалдык үй-музейинде "Үркүнгө 100 жыл" аталышындагы көргөзмө болуп өттү. Көргөзмөгө мектеп окуучулары, тарыхчылар жана медиа өкүлдөрү катышты. Алгач катышуучуларга 1916-жылдагы Үркүн тууралуу маалымат берилип, тарых барактарында калган кыргыз элинин башынан өткөн оор күндөрү тууралуу айтылды. Андан соң көргөзмөгө коюлган сүрөттөр менен таанышып чыгышты.

Филология илимдеринин доктору Кубан Мамбеталиев Үркүн тууралуу буларга токтолду:

"Учурда 1916-жылдагы окуяда канча кыргыздын дайынсыз жоголгону, окко учканы, ашууда калып өлгөнү белгисиз. Болжол менен 170 миң чамалуу деп айтылып жүрөт. Ошол учурда Орусиядан Кыргыз жерине орус дыйкандарынын көчүп келүүсү күчөгөн. "Ысык-Көл бейиштей жер экен, ушул жерге орус уездин түзсө болот" деген атайын буйрук болгон. Бул нерсени жазылып калган документтер да далилдейт.

Жусуп Абдрахманов 1926-жылы жасаган баяндамасында таамай айткан, "түндүктөгү көчмөн кыргыз элинин башкы душманы көчүп келген орус болгон" деп. Алардын максаты кыргыздын жерин тартып алуу болгон эле. Ысык-Көлгө орустар отурукташа баштаган. Кыргыздардын баарын тоону көздөй айдай башташкан. 1916-жылга чейин кыргыздар тээ алыскы тоого барып жайланышкан эмес. Андыктан козголоңдун келип чыгышына жер талаштын тиешеси бар деп айтууга болот".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
25.11.2016. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Орустар дээринен бироонун жерин басып алма калк окшойт.
25.11.2016. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пржевальский агент болгон
25.11.2016. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орустар негизи азыркы Украина, москванын тегерегинде азыраак жерди гана ээлик кылып турушкан. Кийин баш которуп бутуна туруп алгандан кийин бут жерлерди тартып ала башташкан. Жерин тартып алыш учун канчалаган элдерди геноцид кылып кырып жиберишкен. Мисалы, татарларды, ногойлорду, кавказдарды, туркторду, хакастарды, казактарды жана ошонун ичинде кыргыздарды да. Ал тургай Алясканы алыш учун ал жердин элин да бут кырып салышкан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: