ЖЫЛНААМА, 27-НОЯБРЬ: Өжөрлүгү менен миллиондорго шык берген Брюс Ли тирүү болсо 76га чыкмак

Чыгыш мушташ өнөрүнүн легендасы, кунг-фу чебери, актёр, кинорежиссёр, продюсер жана сценарист Брюс Ли тирүү болгондо бүгүн, 27-ноябрда 76 жашка чыкмак. Ал 1940-жылы АКШнын Калифорния штатындагы Сан-Франциско шаарында туулган. Кытайда Ли Сяолин, Ли Чжэньфань ысымдары менен да таанымал.
Бала кезинен баштап фильмдерге тартылып, жалпысынан 36 тасмада роль жараткан. Батышка чыгыш мушташ өнөрүн тааныткан. Ал эми анын өзүнүн өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө 30га чукул фильм тартылган. ХХ кылымдын экинчи жарымында Европа өлкөлөрү менен АКШда чыгыш мушташ өнөрүнүн жылдызы катары кеңири таанылган. Кунг-фудан сырткары бокс жана дзюдо менен машыккан. "Жит Кун-до" деген аталыштагы кунг-фунун өзүнүн стилин чыгарган. Анын өжөрлүгү, тайманбастыгы, эрктүүлүгү миллиондорду шыктандырган.
27-ноябрдын жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:58
2025-07-16

Рейтинг:
0

Комментарийлер(4)
kani-esen

27.11.2016. 14:00
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Кытайда туулган
KaiMak

27.11.2016. 15:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туулган кунун менен
radroy

27.11.2016. 20:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Брюс ли нин кинолорун коруп чонойдукко
chalmagrad

27.11.2016. 20:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Брюс Ли аябай таланттуу ж,а кучтуу ,мындай адамдар омурго бир келет.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.