super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 27-НОЯБРЬ: Мамлекеттик жана коомдук ишмер Таштемир Айтбаев 73 жашка толду

 
Мамлекеттик жана коомдук ишмер Таштемир Айтбаев 73 жашка толду. Ал 1943-жылы Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылында туулган.
Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты (1975-1990), генерал-майор (1997). 1967-жылы Москвадагы Бауман атындагы Техникалык жогорку окуу жайын бүткөн. Эмгек жолун 1961-жылы Москва шаарындагы И.А.Лихачев атындагы заводдо слесарь-ширетүүчү болуп иштөө менен баштаган.
1982-1986-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасынын 1-орун басары, 1986-1995-жылдары партиялык, жетекчилик кызматтарда иштеген. Ал эми 1995-1999-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары болуп эмгектенген. Ардак белгиси ордени менен сыйланган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: