super.kg logo

Санкт-Петербургда боз үй көргөзмөгө коюлуп, эл өкүлдөрү кыргыздардын суранычын аткарбай турганын билдиришти

 

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында "Этнопарк" улуттар аралык комплексинде тарыхый турак жайлардын көргөзмөсү өтүп жатат. Бул тууралуу "Куржун СПБ" жаштар уюмунун мүчөсү, Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышып жаткан Айпери Рахманбердиева SUPER.KG порталына бүгүн, 27-ноябрда кабарлады.

Айпери Рахманбердиеванын айтымында, көргөзмөгө катышууга аларды Улуттар үйү чакырган. Кыргыз командасы тарабынан көргөзмөгө боз үй коюлган.

"Санкт-Петербургда көп улут жашайт. Алардын ичинде кыргыздар да бар. Башка өлкөдө жашап жаткандыктан, өзүбүздүн маданиятыбызды колдоп, маданий иш-чараларды тез-тез өткөрүп, улуттук оюн, бий, ыр, каада-салттарыбызды даңазалап турушубуз абзел", - деди Рахманбердиева.

Ошондой эле 25-ноябрда депутаттар Мирлан Бакиров, Каныбек Иманалиев, Руслан Казакбаев, Максат Сабиров жана Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев Санкт-Петербургдагы кыргыз мигранттарынын көйгөйлөрүн угууга барышканы маалым. Жолугушууда аталган шаардагы мигранттар Маданий үй ачып берүүнү өтүнүшкөн.

"Түркмөнстандын жаштарынын башын бириктирген Маданий үйү бар. Биз да өз кезегибизде келген эл өкүлдөрдөн кыргыздар үчүн маданий борбор ачып берүүнү сурансак, "бюджетте акча жок, өз күчүңөр менен ачып алгыла" деп жооп узатышты. Ушундай нерселерге алар көңүл бурбаса, биз, жаштар, иштеп үй-бүлө багабызбы же Маданий үй ачабызбы?" - деп суроо салды Рахманбердиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
27.11.2016. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Оздоруно жалтыратып значок жасатышса акча бар, ал эми элге калганда бюджетте акча жок. Ушул жеп жутаттар качан элдин камын ойлойт экен(((
27.11.2016. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Силерге маданий үй ачабызбы же 120 бакма койлорду багабызбы ? Ансыз да биякта ар бир койго алтындан ээн белги тагыш керек болуп жатат. Бюджетте эл үчүн акча жок, бирок өзүбүз үчүн бар .
Табышмак : Мындай жоопту ким узатат ?
27.11.2016. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Балык башынан сасыйт дейт баардык маселе Алмазбек Атамбаевде эн начар президент деген наам алып калышы мумкун бул президентибиз
27.11.2016. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эл атасы деген атка конуп жатат. Ар ким өзүнө окшогонун тандайт. Эч таарынбагыла эл журт. Биз да өзүбүзгө окшогон президент шайладык. Ар бир чоң ийгилик, өзүбүздөн башталат. Өзүбүз шайлоодо тойго, концертке, акчага алданып шайлап алдык.
27.11.2016. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Rifle_I,Эл атасы деген аттан айланабы.Андай атадан корокчо жетим жургонубуз жакшы.Ал жанагы Иса Омуркулов Рыскелди Момбеков дегендерге окшогон кошоматчылардын гана атасы.
27.11.2016. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rifle_I, сиздин созунуздо Жан бар
27.11.2016. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бираз чон боз уй койбоптурда
27.11.2016. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
nur_zhoni,болсо коюшабы?
Бюджетте акча жок болсо, ыбырсып ошончон эмнеге бардынар анан! !!
Экоон барып элдин унун угуп, калгандарынарга кеткен чыгымга бул жактан кооз бир боз уй ала барсанар болмок.
27.11.2016. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ Жеп жуутар дейбизби бийлик окулдору дейбизби айтоор кимге тийишту болсо угуп же окуп алаар,Качан Эл камын жеген окулдору келеер экен чокуга.
27.11.2016. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эл козуно кычыратып бажырайган уй тикпей, кедей экономикабызды чагылдыралы дешкен го алачыкга окшоп калыптыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: