super.kg logo

Шибегенин "кордугуна" чыдап, бут кийимдерге экинчи өмүр тартуулаган өтүкчү

 

Рустам Жоробаев 15 жылдан бери бут кийим оңдоп иштейт. Ал SUPER.KG порталына маек куруп, бул ишти өздөштүрүү оңой болбогонун айтып берди.

"БАШТА БУТ КИЙИМ МАЙЛАП ИШТЕГЕМ..."

Ал Токтогул районунан Бишкек шаарына 1996-жылы келген. Ал кезде жумуш таппай жүргөндөр жана сооданы өздөштүрүп, иши жүрүшө баштагандар, менчиктештирүүдө жолу болгондор да арбын эле. Кыскасы, курсак камын ойлогондор менен чоң акча көтөргөндөрдүн санында дээрлик айырма жок болчу.

"Биринчи "Кыял" базарында бут кийим майлап иштедим. Көп нерсени билчү эмес экенмин. Бир күнү эки өзбек жигитти көрдүм. Жандарына тамандарды коюп алып бут кийим оңдоп, "жирный" акчаларды алып жатышыптыр. 1 саат карап турдум. Эртеси өзүм шибеге алып, күчүмдү сынап көрдүм", - дейт ал.

"ШИБЕГЕ САЙЫЛГАН КОЛДОРУМ ИРИҢДЕГЕН КҮНДӨР БОЛГОН"

Ал кезде иштин көзүн табуу үчүн ар ким ар кандай иштерди кылчу. Мисалы, Совет мезгилинде башка тармакта иштеп жүргөн адистер советтик бийлик кулаган соң өзүн такыр башка тармактарда сынап башташкан. Алардын бири Рустам ага болгон. Ал дагы акчаны көбүрөөк табуу максатында жаңы иш баштап көрүүгө белсенген. Тактап айтканда, бут кийимдерди майлоодон бут кийим оңдоого өткөн.

"Колумду шибеге менен 20 жолу тешип, ириңдетип алдым, бирок көшөрүп жатып акыры үйрөндүм. Ооруканага барганым жок. Акырындык менен бут кийим жамаганды үйрөндүм. 1 айдан кийин ылдамдык арта баштады. Мисалы, 1 бут кийимди оңдоого 10-15 мүнөт коротуп баштадым", - деп кебин улады Рустам мырза.

1500 СОМГО ЖАҢЫ БУТ КИЙИМ АЛГАНЧА, 150 СОМГО ОҢДОТКОН ОҢ

4 мезгил өкүм сүргөн Кыргыз жеринде айрым жумуштар жайында токтоп, кышында күчөйт. Мисалы, кыш түшкөндө бут кийим жамап, оңдоп иштегендердин сезону башталат. Сезон жаз мезгилине чейин уланат. "Жайкы бут кийимди жамап бер" деген кардарлар аз болот.

"Кышында эл бут кийимдерине "тормоз" койдурат. Биз бут кийимдердин таманына тайгаланбай турган резиналарды чаптайбыз.. Кардарлар нааразы болбогондой кылып беребиз. 15 жылдан бери иштеп келе жатканыма байланыштуу болсо керек, кардарларым көп. Атайын издеп келгендер да бар. Көбүнчө сыдырмаларды оңдоп, күнүнө 10-15 бут кийим тигем. Жумуштан жетишпей калсам үйгө барып жасайм. Адал эмгек менен үй-бүлөмдү жакшы эле багып келе жатам. Жайкысын бычак курчутуп, жайкы бут кийимдерди карап отуруп калам. Кесибим боюнча устамын, бирок ал кесипти аркалаган жокмун. Бул жактан көбүрөөк сооп табасың. 1500 сомго жаңы бут кийим алганча, бул жактан 150 сомго калыбына келтирип алсаң каражат чөнтөктө калат да", - деп сөзүн жыйынтыктады бут кийимдерге экинчи өмүр берген өтүкчү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(11)
27.11.2016. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Азамат ээн негизгизи мандай тери менен тапкан акча
ширин жана ак болот.
27.11.2016. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эң сонун, кирешелүү кесип. )
27.11.2016. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
даа азаматсыз адал эмгек мандай теерин менен тапкан акчага эмне жетсин!!!
27.11.2016. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
150 сомго бир тугойун замочка салат,300 эки тугой,молодцы мандай терин менен тапканын буюрсун...
27.11.2016. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тапкан акчаныз насип кылсын,жакшылыктарга жумшан.Азаматсыз мандай териниз менен иштеп,уй було багып...Ийгилик сизге...
27.11.2016. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Адал эмгек азаматсыз тапканыңыз жакшылыкка буйрусун.
tulpar90 түзөттү 2016-11-27 22:09:53
27.11.2016. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бизде бир иш баштоо өтө кыйын. Мисалы мен дүкөн ачып жан багам . Мен алгач жаңы ачканымда текшерүү келе берип тажатып жиберишкен , азыр деле кемчилигин издеп мындайча айтканда буттан чалмай. Коңшу жакын жерде Өзбек туугандар иштейт алар патент да төлөшпөйт керек болсо жарык эсептөөчү да(учётчик)жок.
tulpar90 түзөттү 2016-11-27 22:16:32
27.11.2016. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
tulpar90,счетчик болот
28.11.2016. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Seryi-Kardinal,биз кыргыздардын тили менен айтканда учётчик эле болот.
28.11.2016. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз! Бул жакта Камчаткада эн арзан 500 рубльга ондотосун. Бул жака келип иштеп кетиниз :)
28.11.2016. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кардарлар нааразы болбогондой кылып беребиз деп окудумбу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: