super.kg logo
  Саясат  

"Мураскердин" рейтинги начар эмес

 

SUPER.KG порталында "Эртең президенттик шайлоо болсо, кимге добуш бермексиз?" деген сурамжылоо жүрүп жатканы баарыңыздарга маалым. Сурамжылоонун 14-ноябрдан 28-ноябрга чейинки айлампасында алдынкы бештикке олуттуу өзгөрүү байкалган жок. Алдыда Адахан Мадумаров, Өмүрбек Бабанов, Чубак Жалилов, Өмүрбек Текебаев келе жатат.

Акыркы 2 аптада жүргүзүлгөн сурамжылоонун жаңылыгы президент Атамбаевдин командасындагы Сапар Исаковдун салыштырмалуу жогору көрсөткүчү (4%) болду. Анткени буга чейинки сурамжылоолордо президенттин командасындагы адам катары эсептелген учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 1% гана добуш алып, тизмеден четтетилген болчу. Ал эми С.Исаковдун рейтингинин күчтүү делген А.Салянова, Т.Сариев, К.Ташиев сыяктуу саясатчылардын катарынан орун алышы анын "мураскер" болуу мүмкүнчүлүгүнүн жогору экенин айгинелейт.

Албетте, Исаковдун көрсөткүчүн Мадумаров, Бабановдун рейтинги менен салыштыруу мүмкүн эмес. Бирок Ак үй Сапар Исаковдун талапкерлигине токтолуп, өз ресурстарын иштете турган болсо, анын мүмкүнчүлүгүнүн геометриялык прогрессия менен өсүшүндө күмөн жок. Сапар Исаковдун дагы бир "көзүрү" - анын жаш курагы (кезинде Исхак Раззаков мамлекет жетекчилигине 40 жашында дайындалган - Г.А.). Андыктан эл эски саясатчылардан чарчап турган чакта, келерки жылы 40 жашка чыгуучу Сапар Исаковдун жылдызы жанып кетиши толук мүмкүн...






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: