super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 28-НОЯБРЬ: 196 жыл мурун немис ойчулу Фридрих Энгельс төрөлгөн

 

Мындан 196 жыл мурун немис ойчулу, коммунисттик идеологиянын негиз салуучусу жана марксизмди негиздөөчүлөрдүн бири Фридрих Энгельс туулган. Ал Германиядагы Бармен аттуу шаарда төрөлүп, 1895-жылы 5-августта 74 жаш курагында Англиянын Лондон шаарында көз жумган.

Атасы текстиль өнөр жайынын кызматкери болгон. Гимназияда окуп жаткан кезинде окуусун таштаганга туура келип, атасына жардам берип сатуучу болуп иштеген. 1838-жылы Бремен шаарына барып, соода кызматкеринин окуусуна тапшырып, ошол эле учурда "Stuttgarter Morgenblatts" гезитинин кабарчысы болуп эмгектенген. 1843-жылы Кёльн шаарындагы гезиттердин биринин редакциясында Карл Маркс менен таанышып калат. Бир жылдан соң Ф.Энгельс коммунисттик темаларда макалаларды жаза баштап, алар гезиттерде жарыяланган. Ойчул досу жана кесиптеши Карл Маркс менен биргеликте "Коммунисттик партиянын манифести" аттуу эмгекти жазган. Ошондой эле Фридрих Энгельс Маркс каза болгондон кийин "Капиталдын" экинчи жана үчүнчү томдорун оңдоп, басып чыгарган.

28-ноябрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: