super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 28-НОЯБРЬ: 136 жыл мурун 5 жашында ыр жаза баштаган орус акыны, Менделеевдин күйөө баласы Александр Блок төрөлгөн

 

1880-жылы 28-ноябрда орус акыны, XX кылымдагы орус адабиятынын классиги, Орусиянын улуу акындарынын бири Александр Блок төрөлгөн. Ал Санкт-Петербург шаарында философия жана укук илимдеринин профессорунун үй-бүлөсүндө чоңойгон. 1898-жылы гимназияны аяктап, Санкт-Петербург университетинин юридикалык факультетине тапшырган. Үч жылдан кийин тарых-филологиялык факультетине которулуп, аны 1906-жылы аяктаган.

Блок алгачкы ырын 5 жашында жазган. Ал эми 10 жашында "Корабль" журналынын 2 санын жазган. 1894-1897-жылдары "Вестник" колдо жазылган журналын туугандары менен биргеликте чыгарган. 1912-жылы "Роза жана Крест" аттуу драмасын жазган. Блокко Совет бийлигин кабыл алуу оорго туруп, бирок аны ар кандай мамлекеттик иштерге орноштура беришкен. Бул тууралуу Блок "мени ичип түгөтүштү" деп жазган.
Акындын ырларынын көпчүлүгү мекенинин, андагы элдин тагдыры тууралуу жазылган. Буга мисал катары "Ата Мекен", "Куликов талаасында", "Кар жамынган жер" ыр жыйнактарын жана "Скифтер", "Өч алуу" поэмаларын айтууга болот. 1903-жылы А.Блок белгилүү химик Дмитрий Менделеевдин кызына үйлөнгөн. Акын 1921-жылы 7-августта Петроград шаарында ооруп каза болгон.
28-ноябрга карата жылнаама.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: