super.kg logo
  Саясат  

"Алымбек датка" тасмасынын сценарийине 1 миллион сом кетип, бирок тасма тартыла электигине депутат нааразы

 

"Алымбек датка" толук метраждуу тасмасынын сценарийин жазууга 1 миллион сом жумшалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин отурумунда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов билдирди.

Анын айтымында, сценарий Асан уулу Алымбек датканын 215 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү пландаган иш-чараларды ишке ашыруу максатында даярдалган. асманын тартылбай калганынын себеби - бул максатка каражат бөлүнгөн эмес. Мындан улам Алымбек датканын 220 жылдыгына карата тасманы тартып бүтүрүүнү пландап жатабыз", - деди чиновник.

Буга депутат Улан Примов нааразычылыгын билдирди. Анын айтымында, датканын 220 жылдыгына карата сөзсүз түрдө тасма тартылып, мындан тышкары чоң масштабдуу иш-чара өткөрүлүшү керек.

Эскерте кетсек, аталган тасманын сценарийин жазуу боюнча сынак үстүбүздөгү жылдын 30-июлунда жыйынтыкталган. Анын жыйынтыгы боюнча эксперттик кеңештин кароосуна бир сценарий түшкөн. Сценарийдин авторлору Баян Сарыгулов, Бекен Назаралиев жана Бакыт Карагулов экени белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: