Депутат террорчулар кыргыз чек арачыларынын алсыз жерлерин мыкты билишерин айтты
"Террорчулар өлкөбүздүн Чек ара кызматынын алсыз жерлерин 100 эсе жакшы билишет", - деди бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин отурумунда депутат Мурадыл Мадеминов.
Анын эскертишинче, Бишкектеги Кытайдын элчилигинде жардырууну уюштургандар Оштогу аэропорт аркылуу чет мамлекетке качып кетишкен. "Аэропорттордо биометрикалык маалыматтарды аныктоочу аппараттар аз болгондуктан, кызматкерлер ар бир жаранды текшерүүгө жетишпей жатканын айтышууда. Муну террорчулар жакшы билишет. Ошондуктан мындай аппараттарды бардык аэропортторго, чек арадагы ар бир көзөмөл өткөрүүчү жайга койдуруу зарыл. Мамлекеттик коопсуздук үчүн бул абдан керектүү", - деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

