super.kg logo

Кара-Кулжа районунда жайлоого аңчылыкка чыгып кеткен 5 адам 20 күндөн кийин кайтып келди

 

Кара-Кулжа районунан 70 чакырым алыстагы Мактанай жайлоосуна ууга чыгып кеткен аңчылар кайтып келишти. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда SUPER.KG порталына Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы Канболот Тутуев билдирди.

"Кара-Кулжа айыл өкмөтүнөн 5 адам аңчылыкка кетип көп убакыт жок болгондуктан, жакын туугандары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү өкүлчүлүгүнө арыз менен кайрылышкан. Аталган кызмат картаны карап, куткаруу аракетин көрүүнү пландап жаткан. Жайлоого кар калың жаап салган. Ал жакка жетүү үчүн ат менен 5 күн жол жүрүүгө туура келет. Атайын карда жүрүүчү чана менен да жетүү мүмкүн эмес, анткени жайлоонун жолдору тегиз эмес. Мындан улам тик учак менен издөө пландалып жаткан болчу, бирок аңчылар 27-ноябрда түнкү саат 23:00 чамасында өздөрү кайтып келишти", - деп билдирди Тутуев.

Маалыматка ылайык, жайлоого кеткен 5 адам 6-ноябрь күнү айылдан чыгып кеткен эле.

"Ууга чыккандар жетиштүү азыктар менен кетишкен экен. Алар Мактанай жайлоосунда мал сарайда түнөп жүрүшүптүр. Баарынын абалдары жакшы", - деп кошумчалады райондун аппарат башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
28.11.2016. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Озунор кклбегенде биз кар кеткенде май айында издегени чыгат элек.
28.11.2016. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир кийикти атса 5кишиге жететда конечно.
29.11.2016. 05:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1-май алылынан 40-50 км беш кун эмес 7 саатта эле жетет так маалымат берсенер
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: