super.kg logo

Баткен району менен Зардалы айылын байланыштырган көпүрө кар эрип, күн жылыса бүткөрүлөт

 

Баткен району менен Зардалы айылын байланыштырган көпүрө кар эрип, күн жылыса бүткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда SUPER.KG порталына Баткен районунун акиминин биринчи орун басары Таалай Ибраимов билдирди.

"Жөө адам өтүүчү көпүрөнүн курулушуна 400 миң сомдук курулуш материалдарын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алып берген. 132 миң сом накталай акча, 950 литр күйүүчү май жергиликтүү бийликтин бюджетинен бөлүнүп берилди. Калган жумуштар элдин күчү менен курулуп жатат. Учурда курулуш токтоп турат. Тургундар эски көпүрө менен өтүүгө аргасыз болушууда. Бул көпүрөдөн өтүүдө кооптуулук бар", - деп билдирди Ибраимов.

Маалыматка ылайык, аталган көпүрөдөн жай айларында жергиликтүү эл жайлоого, райондун борборуна каттайт.

Эске салсак, окурман 27-ноябрда жөө адам өтүүчү көпүрөнү эл ашар жолу менен салып жатканын, кар жааганына байланыштуу учурда иш токтоп турганын SUPER.KG порталына билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.11.2016. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаз отту,жай отту,куз отту бутпогон кыштын суугунда буткорулобу. Кыргызбызда...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: