super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Ар бир адам эң биринчи өзүн сүйүүсү керек"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Мен өзүмдүн сырткы келбетиме нааразымын" деген темада форумчулар кызуу талкуу жүргүзүп жатышат.

Теманы ачкан колдонуучунун билдирүүсү:

"Көптөн бери өзүмдүн жан дүйнөмдөгү нерселерди жазайын деп жүргөм. Мен өзүмдү бактысыз сезем, жүрөгүм сыгылат. "Дүйнөнү сулуулук сактайт" демекчи, сулуу болсоң бир аз болсо да өзүңдү ишенимдүү сезесиң. Мен өзүмдү күзгүдөн да көрө албайм. Келбети келишкендерди көрсөм маанайым чөгө түшөт. Туугандар арасында "ушунун келини жакшынакай", же болбосо "сулуу эмес экен" деп сүйлөшүп калышса, дароо өзүмө алам".

Темага калтырылган билдирүүлөр:

"Акылдуу болуп көрүнбөйүн, бирок алты мүчөңүз амандыгына Кудайга шүгүр деңиз".

"Сиз өзүңүздөн кемчиликти издей бербей, жакшы сапаттарыңызды изилдеп чыгыңыз. Балким, сулуу адамдарда жок жакшы сапат сизде бардыр. "Менде бут болсо, кол болсо, көз болсо, уксам деп" жүргөн 6 мүчөсү бүтүн эмес адамдар канча. Тобо кылып жашаңыз".

"Сулуу эмес аялзаты жок, өзүн карабаган аялдар бар" деп айтылат эмеспи. Өңү серт болуп, бирок өздөрүн бактылуу сезген адамдар бар. Теманы ачкан автордун "сулуулар эле бактылуу болот" деген оюна кошулбайм".

"Келбетиң жакпаса имиджиңди өзгөрт, косметиканын күчү менен азыр бардык нерсени кылса болот. Ошондон кийин гана сен өз жашооңду, талдап-тандап көрөсүң. Бирок кайсы бир убак өткөндөн кийин "боёкторсуз деле сулуу экенмин, ушул келбетиме эле шүгүр" дей турган күн да келет".

"Ар бир адам эң биринчи өзүн сүйүүсү керек. Форумчулар туура айтат, алты саныңыз аман экен, ошого шүгүр кылыңыз. Келбетиңизге кам көрүңүз".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
28.11.2016. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунузго каранып, беш убак намаз окуп журсонуз эле сиздин жузунуз озунчо тунук , нурдуу болуп корунуп калат. Анан Анжеликанын "Бактылуу айым" программасы бар го, ошого барсаныз жасантып,имидж тандап берет)
28.11.2016. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алты саны аман туруп нааразы болгондорго тобо кылам
29.11.2016. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн биринчи Алланы суй,анан ата-эненди суй!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: