super.kg logo
  Саясат  

Депутат чиновникти субординацияны сактоого чакырды

 
Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаментинин Рустам Курманов

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин отурумунда Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаментинин ишмердигин иликтөө боюнча жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы каралууда.

Анын жүрүшүндө топтун төрагасы Рыскелди Момбеков аталган департаменттин дарегине сын-пикирлерин айтып, мекеменин башчысы Рустам Курмановдун кызмат ордуна татыктуулугун кароону сунуштады. Курманов депутаттын сынына нааразычылыгын билдирип, үнүн көтөрүп баштаганда, Момбековдун кесиптеши Эльвира Сурабалдиева аны субординацияны сактоого чакырды. "Сиз парламентте отурасыз. Депутатка үн көтөрбөй, субординацияны сактаңыз!" - деп талап кылды Сурабалдиева.

Мындан тышкары комитеттин төрагасы Гүлкан Молдобекова Курмановду депутаттарды тоготпой жатканы үчүн сынга алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: