super.kg logo
  Саясат  

Депутат Акаев министр Батыралиевге ким хан сарай сатып бергенине кызыкты

 

"Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге ким хан сарай сатып берди?"- деп бүгүн, 28-ноябрда парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин отурумунда депутат Жанар Акаев Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаментинин башчысы Рустам Курмановдон сурады.

"Акыркы жылдары сиздин дарегиңизге көп сындар айтылып келет. Быйыл май айында "Курманов министр Батыралиевге хан сарай сатып берди" деген маалымат чыккан эле. Сиз бул маалыматты төгүндөгөн жоксуз, демек, бул маалымат чын десек болот. Сиз гезиттерге же телеберүүлөргө чыгып, сын-пикирлерге жооп берип, дары-дармек саясаты тууралуу маалымдап турсаңыз туура болот эле. Жабык жетекчиге айландыңыз. Дары-дармек саясаты мафия болуп калды", - деди Акаев.

Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаментинин башчысы Рустам Курманов билдиргендей, анын министрге хан сарай сатып берүүгө мүмкүнчүлүгү жок. "Хан сарай тууралуу жазган гезитке кайрылып, маалыматты төгүндөөнү талап кылганбыз", - деп жооп берди Курманов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: