Ошто үй ээсин мык сууругуч менен башка чаап, 110 миң сом акчасын жана алтын буюмдарын алып кеткен жаран кармалды
Ош шаарында каракчылык фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 25-ноябрь күнү болгон. Анда белгисиз жаран 59 жаштагы А.Ынын үйүнө кирип, бычак менен коркуткан. Кийин аны мык сууругуч менен башка чаап, үйүндөгү 110 миң сом акчасын жана алтын буюмдарын алып кеткен.
"Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 41 жаштагы М.Р. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп билдиришти ИИМден.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Жабырлануучунун абалы жакшы бекен?