super.kg logo

SUPER.KG порталынын 10 жылдыгынын урматына уюштурулган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

 

Бүгүн, 28-ноябрда саат 17:00дө SUPER.KG порталынын 10 жылдыгынын урматына уюштурулган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Сынак 16-августта жарыяланып, 3 ай бою көптөгөн видеолор электрондук дарек жана WhatsApp аркылуу жиберилди. Алардын ичинен талапка жооп берген 42 видео "Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "SUPER.KG 10 жашта" рубрикасынан орун алган. Видеолорду кабыл алуу 16-ноябрда токтотулуп, арасынан жакшы делген 10 видео порталыбызга добуш берүүгө 18-ноябрда коюлган.

Добуш берүү 10 күнгө уланып, жеңүүчүлөр аныкталды. Талапкерлердин арасынан колдонуучуларыбыздын сүймөнчүгүнө ээ болгондор алгачкы күндөрү эле байкалган. Анда эмесе, жеңүүчүлөр менен тааныштыра кетсек.

1-орунга 5 жаштагы Жанеля Светюкова ээ болду. Атасы Андрей Светюков кызынын сынакка катышканын кечээ эле билген.

"Сынак башталганда карындашым кызымды тартып, видеосун жиберип коюптур. Ал тууралуу мага деле айткан эмес. Өзү Италияга кеткен. Кечээ эле байланышып, сынак тууралуу айтып, алдынкы орунда келе жатканыбызды кабарлады", - дейт Андрей Светюков.

2-орун Абиталиф Ариновго буюрду.

"Сынак тууралуу "Соңку кабардан" окуп калгам. Шак эле оюма таймлапс тартуу идеясы келди. Анан досум Сулайман-Тоодон ыр ырдады. Жеңишке жетем деп ойлогон эмесмин. Колдонуучулардын ою менен болот дегем", - дейт Аринов.

3-орунду Бакыт Бекташевдин видеосу акыркы сааттарда Сүйүнбек Турубек уулунун видеосу менен "алышып" жатып алып кетти.

"Сынак тууралуу үйдөгүлөр айтып калышты. Инилерим менен карындашым да кызыгып калышыптыр. Аларга белек деле эмес, катышуу маанилүү болчу. Бир күн ойлонуп, ошол кезде популярдуу болуп жаткан "Pen Pineapple Apple Pen" ырына пародия жасадык. 2 сатта араң тартып бүткөнбүз", - дейт Бекташев.

Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз!

Белгилей кетсек, белектер үстүбүздөгү жылдын 9-декабрында SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына карата уюштурулган концерттик программада сахнадан тапшырылат.

Байге фонду:

1-орунга ноутбук;
2-орунга планшет;
3-орунга уюлдук телефон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(8)
28.11.2016. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Женишинер кут болсун! Адашпасам 2-орунду ээлеген женуучу ар кимдин "эшигин" каккылып добуш берип койгула деп суранып журсо керек эле.
28.11.2016. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
windom,Ошого да чара колдонулушу керек болчу, Бакыт менен Жанелян мен жок болсом деп коёт экен дейтта
28.11.2016. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
3тон кийинки орунду алгандарга деле белектерди берип койсо болмок. Бул учун канча убактылары кетти.
28.11.2016. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Минусту баскыла, тааныш билиштери. Виндом айтмакчы ар темага кирип, добуш добуш добуш берип койгулачы деп суранып жургон.
Алган белегинер куттуу болсун.
29.11.2016. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Телефону айфонбу эми
29.11.2016. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайм!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: