Москванын мэри Сергей Собянин Кыргыз өлкөсүнүн мигранттары көйгөйлүү экенин айтты

Москва шаарынын мэри Сергей Собянин Кыргыз өлкөсүнөн барган мигранттар бийликтин көйгөйү экенин айтты. Бул тууралуу "Интерфакс" басылмасы жазды.
Анын айтымында, Москвада мигранттардын 40 пайызы мыйзамсыз иштешет. Алардын көпчүлүгү нөөмөт ыкмасы менен, башкача айтканда, шаарда 90 күнгө чейин каттоосуз келип иштегендер. Мэр Кыргыз өлкөсүнөн чыккан мигранттар эмгек келишимдерин түзбөй жана салык төлөбөй иштешерин айтты. Мындан улам шаар бийлиги Федералдык башкармалык менен биргеликте бул жагдайдан чыгуу жолун издеп жатканын кошумчалаган.
"Мигранттардын агымы, тилекке каршы, шаарда коопсуздук жаратпайт. Жалпысынан Москва мигранттар үчүн өтүүчү короо эмес экенин айта алам, бирок миграцияны жөндөө бошоңдобойт. Мигранттар Орусиянын мыйзамына баш ийиши керек", - деген өз сөзүндө Собянин.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын биринчи бөлүгүндө мигранттар Москванын казынасына 7 миллиард рубль өлчөмүндө салык төлөшкөн. Август айында Орусияда эмгектенген мигранттардын профсоюзунун төрагасы Ринат Каримов Собянинди мигранттар үчүн патенттин баасын төмөндөтүүгө чакырган. Анын айтымында, патенттин учурдагы баасы мигранттардын мыйзамсыз иштешине түрткү берүүдө.



Эгер, ошол мигранттар болбосо озунун местный Москвич(ка)тери иштешмекби ошол 12 сааттык жумуштарда? Салыктын эле эсебинен казынасына канча деген миллиарддар тушуп жатса да именно Кыргыз олкосунун мигранттары дегени жакпады. Кайра документ жасабай мындай эле иштегендер тууралуу айтканына ынанып да калдым.
что орустарга жабыша бербей оз мекени
бизди онуктуролучу Кыргыз елим
гр рф алып жыргагандар бир кун окунуп
калбагыла.