super.kg logo

"Билим экспорт" кытай тили мектеби жаңы жылдык кереметтүү лотерея ойнотуп, Кытай өлкөсүнө бекер окууга жиберет

 

Аалам кыдырып, дүйнө кезүүгө жол ачкан "Билим экспорт" кытай тили мектеби билимге суусагандарга эшик ачат. Аталган мектеп Бишкекте алгачкы жолу өз ишин баштады. Тил үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбай, арзан жана сапаттуу билимге умтулгуңуз келсе, мыкты адистерден билим алып, жаңыча жашоого кадам таштаңыз.Бишкек шаарында "Билим экспорт" кытай тили мектеби 20-декабрда жаңы жылдык кереметтүү лотерея ойнотот. Лотереядан уткан 3 окуучу Кытай өлкөсүнүн Хайнань аралына тил үйрөнүү үчүн бир жылдык акысыз окуу курсуна жөнөтүлөт. Мында жатакана жана окутуу бекер. "Билим экспорт" мектебинин окуу курсуна бүгүн жазылып, лотерея ойнотуп, бактыңызды сынап көрүңүз. Ага бул мектепте окуган 15 жаштан 55 жашка чейинки адамдар катыша алат.

Буга чейин аталган мектеп өзүнүн студенттеринин арасында эң мыкты дил баян сынагын жарыялаган. Катышкан 22 студенттин баарынын эмгектери жакшы болгон. Мындан улам жеңүүчүлөрдү аныктоо кыйынчылыкты жараткан. Андыктан алардын ата-энелери чакырылып, жеңүүчүлөр лотерея ойнотуу жолу менен аныкталган. Лотереядан уткан студенттер тил үйрөнүүгө 2017-жылдын февраль айында Наньянг, Наньнинг шаарларына бекер окууга жөнөп кетишмекчи.

2017-жылдын март айында Бишкек шаарындагы "Билим экспорт" кытай тили мектеби мыкты окуган студенттер үчүн кайрадан Кытай жергесинде бекер окууга сынак жарыялайт.
Катышуунун шарттары абдан жөнөкөй: Алгач билимге жол "Билим экспорт" кытай тили мектебине жазылуу керек. Кабыл алуу 2016-жылдын 15-декабрына чейин гана жүргүзүлөт.

Аталган мектеп Кытайдын Пекин, Гуанчжоу, Хайнань сыяктуу 11 ири шаарындагы университеттер менен келишим түзүп, кызматташып келет. Кытай өлкөсүнөн окуп келген окуучуларга эл аралык сертификаттар ыйгарылат. Сиз Кытай шаарларынан акысыз окуп келсеңиз, бир жыл ичинде 4-даражадагы кытай тилин билген мыкты тилчиге айланасыз. Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз. Тил үйрөнүп, өз күчүңүз менен дүйнө кыдырыңыз.

"Билим экспорт" мектеби сапаттуу билим берип, ийгиликке жол ачат. Ар бир күн сизди ийгиликке жетелейт. Сиз кытай тилин үйрөнүү менен жан дүйнөңүз кеңейип, өзүңүз үчүн ааламга жол ачасыз.
Бишкектеги "Билим экспорт" кытай тили мектебинен билим алуу кымбат эмес жана окуучулар менен студенттер үчүн ар дайым жеңилдиктер берилип турат.

Байланыш телефондору: (0709) 56-66-66, (0551) 56-66-68, (0708) 88-88-72

Дареги: Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү-135 (Токтогул көчөсүнүн кесилиши)


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
30.11.2016. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн сонун. КРда мындай мектептердин кобойушу абдан жакшы. Биздин жаш балдарыбызга чон-чон мумкунчулукторду алып келет. Азаматсынар, мен колдойм силерди. Мен дагы келем сиздерге окууга
30.11.2016. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тил билсен дил билесин.
Казак президенти кытай тилин оздоштурууго оз элин ундоп келет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: