super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз Республикасында “Курманжан датка ордени жөнүндө" жарлыкка кол коюлду

 

Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын Курманжан датка ордени жөнүндө" жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, Курманжан датка орденинин статусу, сүрөтү жана сыпатталышы бекитилип, өкмөткө ушул жарлыкты ишке ашыруу менен байланышкан уюштуруу-каржы маселелерди чечүү милдети жүктөлдү. Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Курманжан датка орденинин статусу

  • Курманжан датка ордени менен коомдук-саясий иште өзгөчө көрүнүктүү сиңирген эмгеги жана эмгектеги жетишкендиктери, мамлекетти коргоого жана чыңдоого, элдин биримдигине, Кыргыз Республикасынын элинин каада-салттарын чыңдоого, өсүп келе жаткан муунду өз мекенин сүйүү жана урматтоо духунда тарбиялоого кошкон салымы бар жарандар сыйланат.
  • Курманжан датка ордени менен чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар сыйланышы мүмкүн.
  • Курманжан датка ордени көкүрөктүн сол жагына Манас орденинен кийин тагылат.

Курманжан датка ордени жети бурчтуу күмүш пластинага түшүрүлгөн жети бурчтуу жылдыз. Жети бурчтуу жылдыз күмүштөн жасалат жана алтындын буусу менен капталып, жылдыздын учтарында алтын шариктер болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: