Жылдыздар SUPER.KG порталынын 10 жылдыгына арнап ыр аткарышты

SUPER.KG порталы 10 жылдык мааракесин белгилөө алдында турат. Мындай юбилейдин урматына 9-декабрда Бишкек шаарындагы Спорт Ордосунда чоң шоу-концерт өтөрү баарыңыздарга маалым. Концерт эки муундун жылдыздарын бир сахнага бириктирип, кызыктуу тамашалар, эксклюзивдүү дуэттер, күтүүсүз сюрприздер жана "Супер сулуу-2016" сынагы менен коштолмокчу.
Бүгүн дагы бир кубанычыбызды сыйдыра албай, сиздер менен бөлүшүүгө шашылдык. Шоу чөйрөдө төбөсү көрүнгөн, SUPER.KG порталынын колдонуучулары сүйүп уккан ырчылар порталга арнап ыр аткарышты. 9-декабрда Каныкей, Нурлан Насип, Жийдеш, Баястан жана Омар Спорт Ордосунун сахнасынан SUPER.KG`ге арнап ыр сунушмакчы. Ага чейин биздин порталдан ырды угуп, кубанычыбызга ортоктош болуңуздар.
Кыстарылган аудио
Жийдеш, Каныкей, Нурлан Насип, Омар, Баястан "Super.kg'ге арноо ыры"
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
Рейтинг:
3

Супер инфо кылымдарга сени менен. Деген ыр соонун эле супер инфонун гимни. Бул ыр жакбады мага акырына чейин укбадым.
достор ?