super.kg logo

СУПЕРСТАН: "МАИ акелерге дайыма акча берип турам"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ким МАИчиге канча акча берген?" деген темада форумчулар окуялар тууралуу ой бөлүшүп жатышат.

Темадагы билдирүүлөр:

"МАИ кызматкерлерине ким канча акча берет? Мен, мисалы, эң көп дегенде 1000 сом берсем, аз дегенде 100-200 сом берип кутулам".

"МАИ акелерге дайыма акча берип турам. Ышкырыгы 20 сом болсо, эң көп бергеним 500 сом болгон".

"Бир жолу жумуштан түнкү бирлер чамасында чыгып, үйгө кетип баратып МАИ кызматкерлерине кармалгам. Жолдор аңгыл-дөңгүл болгондуктан, жайпап айдап келе жаткам, мени мас деп ойлошуптур. Жанымда айдоочулук күбөлүгүм да жок болчу, "унаадан түшүңүз" деп калышты. Унаадан түшкөндөн уялганымды айтпагыла, анткени кыска шорты кийип алгам. Ар кайсы нерсени айтып жатып 1000 сом берип кутулгам. Андан кийин МАИчилер тосо элек, тоспой эле коюшсун".

"Өткөндө жол чырактын кызыл жарыгы күйүп жатканына карабай өтүп кеттим. МАИ аке тосуп "үка, өлдүң" дейт. Аны-мунуну кулакка илип, чөнтөктө болгон акчаны тыйынынан бери кошуп бердим. Жакшысы, капчыкта аз эле акча бар экен".

"МАИчилердин көбү менен жумушум аркылуу жакшы тааныш болуп калганыма байланыштуу айып пул деле төлөбөйм. Бирок ар бир бузган эрежем үчүн жетекчиликтен кагуу жеп турам".

"Эсимде, мындан 5 жыл мурда, жол чырактын кызылы күйүп туранда өтүп кетип, МАИ кызматкерине 1 доллар бергем. Ал кызматкер менден 300 сом сураган, майда акча жок болгондуктан, 1 доллар берип кутулуп кеткем".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
29.11.2016. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кээде андай болуп калганда айла жок убак тар болгондо берип кутулам( почтага барып Гаиге барып отурбайын деп.
29.11.2016. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизден метродо кетип баратканда эле алат Маскоодо)) повышение скорость деп
29.11.2016. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ал деген ырымыда туугандар салтты бузбагылада! Беретурганын берип кетебер жолундан калбай, азыр аларда ачка калган окшойт откондо бир гаи 7 сом акчамды алып алды, берип жаткан мен даже уялып кеттим
29.11.2016. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
aitmat,уялбагандан озун уял болупсуз да,буларга ошол акча деле жуга берет экен да тооообооо
30.11.2016. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уятта эми ушундай кылганынар... Штраф жазам десе жан талашып акча бересинер!!! Анан ким жаман МАИ жаман... Кичине уялсанар боло ушинтип жазгандан...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: