super.kg logo

Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу качан башталары белгисиз

 

Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин 29-ноябрдагы жыйынында Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушуна жарыяланган тендер жаңжалы боюнча маалымат угулду. Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов кырдаалды жөнгө салууда мурунку чиновниктердин иштери терс таасир тийгизип жатканын айтты.

"Министрликтин аброю түшүп кеткенин Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканда сездим. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы мурдагы министрдин тендердин ишине кийлигишкенин аныктады. Августтан ноябрь айына чейин Азия өнүктүрүү банкынан тендер маселесин тездетип чечүү боюнча 8 кат келген. Министрлик маселени чечүүнүн ордуна создуктуруп туруп алган. Чынында, анчалык татаал деле маселе жок экен", - дейт Калилов.

Белгилей кетсек, жол оңдоого каражат берген Азия өнүктүрүү банкы Бишкек-Кара-Балта жолун 70 миллион долларга курат деп кытайлык компанияны сунуштаган. Бирок тендердик комиссия ишти кытайлык компаниянын жасашына каршы чыккан. Тендер шек жаратканын жакында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков да айткан. "Эч түшүнбөйм, эмне үчүн 70 миллион долларга куруп берем дегенге макул болбой, 82 миллион доллар дегенге макул болгону жатышат? 82 миллион доллар менен 70 миллион доллардын айырмасы бар да. Мен сөзсүз бул иштин аягына чыгам", - деген Жээнбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
29.11.2016. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жегичтер эптеп пайда коруунун айласын тендерди аягына чыгарып ишти баштаткыла.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: