super.kg logo

Депутат түшкөн жалбырактарды өрттөө боюнча айып пул салууну сунуштады

 

Дарактардан түшкөн жалбырактарды тийиштүү эмес жерде өрттөө боюнча айып пул салуу зарыл. Мындай сунушун бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Болотбек Ибраимжанов билдирди.

Жыйында Бузуулар жөнүндө кодекстин долбоору 2-окууда каралууда. Депутаттын айтымында, аталган кодекске анын сунушун киргизүү керек. "Жерге түшкөн жалбырактардан тышкары чөптү да тийиштүү эмес жайларда өрттөгөн жарандарды административдик жоопкерчиликке тартуу зарыл, анткени өрттөн чыккан түтүн адамдын ден соолугуна зыян", - деп түшүндүрдү депутат.

Аталган кодекстин долбоорунун демилгечилери жооп бергендей, депутаттын сунушу долбоорго кирген эмес. Алар кийинки окууга чейин анын сунушун эске аларын убадалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
29.11.2016. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
депутат деген ар бир жаран кыргызтандын келечегин ойлосо мен эмне салым коштум же элиме эмне пайда алып келдим деп . кайдагы жалбырак кресло
29.11.2016. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кантип акча иштештин жолун таппай ушунтип атат окшойт жолдош депутат анда коро такталбаган чек араны кантип качан тактайбыз качан тикен зым тартабыз деген теманын устундо ойлончу мага окшоп кап кайдагы жалбыракты ойлонбой
29.11.2016. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул эми эмне деген шумдук! Орттобогондо эмне жейбизби?!
29.11.2016. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жалбырак.тамеки,шайлоону койуп элге иштесенер боло.
29.11.2016. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эн туура маселени которуптур. Куйгузбош керек! Атмосферага, озон катмарына терс таасирин тийгизет. Жалбырактар топуракта озу чирип жок болот. И заодно как удобрения болот. Бул маселени госагентство охраны окружающей среды, же госэкотехинспекция качан эле которсо болмок.
30.11.2016. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалбырактарды орттобош керек, орттогон адамдар климаттын глобалдуу ысышына чоон салым кошуп атышат, менталитетти ондойлу чыныгы адам бололу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: