super.kg logo

Рамзан Кадыров менен Фёдор Емельяненконун чырына чекит коюла элек

 

Рамзан Кадыров орусиялык белгилүү спортчу Фёдор Емельяненконун дарегине сын айтты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кабарлайт.

"Фёдор учурда Орусиянын ММА Кеңешин (Эрежесиз мушташ боюнча уюм) жетектеп жатат. Бирок бул уюм профессионалдык клубдар менен иш алып барбайт. Эмнеге ал биздин клубда орун алган мушташтарга баа берип жатат? Комментарий жазуу менен ал социалдык тармактарга менин кичүү уулумдун сүрөтүн жайгаштырып коюптур. Эл аны окуп, менин балдарымдын дарегине сын айта баштаган", - дейт Чеченстандын президенти.

Кошумчалай кетсек, эки тараптын ортосундагы пикир келишпестик Фёдордун сөздөрүнөн кийин башталган. Ал Рамзан Кадыровдун 10 жашка чыга элек уулдарынын 8 бурчтукка кирип, мушташ өткөрүп жатканы туура эмес экенин айткан. Ал эми Рамзан Кадыров жооп катары бул жөн гана көрсөтмө беттештер экенин айткан.

Эки тарап айтышып жаткан кезде Фёдордун кызына кол салуу болгон. Бул көрүнүштү Кадыров караңгылык катары баалап, кызга кол салгандар мыйзам чегинде жаза алуусу керектигин айткан.

Көп өтпөй орусиялык басылмалар дагестандык мушкер Хабиб Нурмагомедовго шилтеме берүү менен эки тарап элдешкенин жазышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
29.11.2016. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Токтобосо токтобосун бул экоонун чыры, чынын айтканда экоонун кайым айтып тиреши дуйно жузундогу экономикага же болбосо Мамлекеттер ортосундагы ынтымакка эч тоскоол боло албайт, тескерисинде экоо чырдаша кетсе эле дуйнолук экономика мындан да кризиске учурап же Мамлекеттер ортосундагы алакага терс таасирин тийгизе албайт. Экоо тен Путиндин колунда керек болсо Путин экоону чокуга коюп жараштырып салат ушинтип жаш балдарча боло беришсе.
29.11.2016. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
yrysbek, путинди кудай тутуп алыпсынго чиркин
29.11.2016. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рамзанда айтканынан кайтпаган неме экен
30.11.2016. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Nur1k, Бул жерде Путин кудай деп же кудайга тенеген соз болбой жатат, бул эки балашка жонундо соз болуп жатат. Путин Атамбаев болсо а бул эки балашка Акаев деген соз. Фасс десе жер газа турган адамдары деп жатам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: