ТЕСТ: "Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?
Бүгүн, 12-декабрь - улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Айтматовдун чыгармаларын окубаган кыргыз аз болсо керек. Ошентсе да интернет заманында китеп окулбай калганы, жаштар көркөм адабияттан алыстап баратканы айтылып жүрөт. Китептин ордун компьютер, планшет, смартфондор алмаштырды. Бирок бул - кыргыз адабиятынан такыр кабарсыз калууга мүмкүн дегендик эмес. Дүйнө жүзү суктанып окуган Айтматовдун роман, повесттерин сиз канчалык билесиз? 15 суроо чамаңызды сынайт.
№ 1-cуроо
Момун чал, дүрбүчөн бала, каардуу Орозкул кайсы чыгарманын каармандары?
"Ак кеме" повестинин
"Чыңгыз хандын ак булуту" повестинин
"Фудзиямадагы кадыр түн" драмасынын № 2-cуроо
"Бетме-бет" повестинде согуштан качып келген Ысмайыл эмне кылмыш кылат?
Артынан издеп келген аскер комиссариатынын өкүлүн атып салат
"Жашырынып жүргөнүңдү элге айтам" деген коңшусун сабап салат
Коңшусунун жалгыз уюн уурдап, союп алат № 3-cуроо
Толгонай менен Жер эненин монологу кайсы чыгармада?
"Кассандра тамгасында"
"Саманчынын жолунда"
"Кызыл алмада" № 4-cуроо
Сүйүү темасы: "Жамийлада" Данияр менен Жамийла, "Делбиримде" Ильяз менен Асел, "Эрте келген турналарда" Султанмурат менен ...
... Сейде
... Мырзагүл
... Айзада № 5-cуроо
"Биринчи мугалим" повестинде Дүйшөн айылдагы катуу каршылыктарга карабай балдарды окутууга киришет. Эмне үчүн?
Балдарды окутканы үчүн ага жакшы айлык төлөнүп турган
Мугалимдик анын хоббиси болгон, балдарсыз жашоосу кызыксыз эле
Балдардын келечегине кам көргөн, жаш муундун сабаттуу болушу үчүн күрөшкөн № 6-cуроо
Жакында Чыңгыз Айтматовдун элге жарыялана элек чыгармасы табылды. Ал эмне деп аталат?
"Жер жана чоор"
"Асман жана күн"
"Тоо жана бүркүт" № 7-cуроо
Кыргыз жеринде Айтматовдун чыгармаларына арналып обондуу ырлар жазылганбы?
Ооба, ырдалып жүрөт
Жок, ыр жазылган эмес
Обондуу эмес, поэзия жанрында ыр жазылган № 8-cуроо
Ильяз айтканынан кайтпады, оор жүктүү прицепти унаасы менен Долон ашуусунан сүйрөп чыгууга бел байлады. Бирок сүйрөп чыга албай кырсыкка учурады... Сөз Айтматовдун кайсы чыгармасы жөнүндө баратат?
"Ак кеме" повести жөнүндө
"Делбирим" повести жөнүндө
"Тоолор кулаганда" романы жөнүндө № 9-cуроо
Танабай деген ким?
"Жамийла" повестинде Жамийла ээрчип кеткен казак жигити
"Биринчи мугалим" повестинде Алтынайдын таякеси
"Гүлсарат" повестинде Гүлсары жоргонун ээси № 10-cуроо
"Кыямат" романындагы адамга өчөшүп калган 2 карышкырдын аты?
Акбара менен Ташчайнар
Кумайык менен Буудайык
Көк жал менен Калтар № 11-cуроо
"Чычкан аке, суу берчи!" Бул фраза кайсы чыгармада кездешет?
"Бриллиант жылан" романында
"Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повестинде
"Чычкан аңдыган боз үкү" аңгемесинде № 12-cуроо
Казангап, Эдигей, Сабитжан... Булар Айтматовдун кайсы чыгармасынын каармандары?
"Бото көз булак" повестинин
"Кылым карытар бир күн" романынын
"Эрте келген турналар" повестинин № 13-cуроо
Француз жазуучусу Луи Арагон "Жамийла" повестине эмне деп баа берген?
"Чыныгы достукту даңазалаган мыкты повесть"
"Согуш жылдары таамай сүрөттөлгөн №1-чыгарма"
"Сүйүү жөнүндө эң сонун баян" № 14-cуроо
Ал эми акыркы чыгармасын билесизби?
"Абийир кечирбейт" драмасы
"Тоолор кулаганда..." романы
"Адам болгум келет" повести № 15-cуроо
Чыңгыз Айтматовдун биринчи жазган чыгармасы кайсы?
"Гезитчи Дзюйо" аңгемеси
"Көкөй кести" романы
"Сынган кылыч" романы 0/10
00:00
Текшер
Суроолорго жооп бериңиз!
сиздин баллыңыз
0%
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:48
2023-10-05
16:16
2023-08-31
Рейтинг:
2
2

Супер-Инфо
super.kg видео

















убактысы 01 мүнөт 3 cекунд
2суроого жоопбере албапмын.
Акыркы табылган чыгармасын билбей калдым