Кокаин колдонуп, 2 жылга спорттон айдалган футболчу Роман Еременконун аты жазылган футболкалар сатылбай калды

Кокаин колдонуп, 2 жылга футболдон айдалган футболчу Роман Еременко мекени Финляндияда колдоо тапкан жок. Аны фанаттар жек көрүп, улуттук кураманын футболкаларын саткан дүкөндөр анын аты жазылган футболкаларды сатыктан алып салышкан.
Футболчунун агенти анын кокаин колдонбогонун, ал бул кырдаалда курмандыкка айланганын айтууда.
Кошумчалай кетсек, Орусиянын учурдагы чемпиону ЦСКА клубунун жарым коргоочусу Роман Еременко боюнча УЕФА 18-ноябрда чечим чыгарган. Анын допинг колдонгону аныкталгандыктан, футболчу 2 жылга спорттон четтетилген. Текшерүүнүн жыйынтыгында Еременконун Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы күрөшүү агенттиги тарабынан тыюу салынган кокаин затын колдонгону аныкталган. Бул зат баңгизаттарынын катарын толуктайт.
Финляндия курамасынын 29 жаштагы футболчусу 2018-жылдын 6-октябрына чейин бир дагы мелдешке катыша албайт.

Жакшы болуш аста аста
Жаман болуш бир паста.