Аламүдүн районунда тургунду сабап, денесине залал келтирген жаран кармалды
Аламүдүн районунда тургунду эч себепсиз сабап, денесине залал келтирген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Аламүдүн РИИБинин кызматкерлерине Пригородное айылынын 59 жаштагы М.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, чала тааныш адам эч себепсиз сабаганын айткан. Бул боюнча "денеге атайылап оор залал келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн. Анын жыйынтыгында кылмышка шектүү катары ошол эле айылдын 61 жаштагы тургуну А.Ш. кармалган. Учурда ал үй камагына чыгарылып, тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.