super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 1-ДЕКАБРЬ: 3 жыл мурун "Форсаж" тасмасынын жылдызы, америкалык актёр Пол Уокер жол кырсыгынан каза болгон

 
"Форсаж-5" тасмасынан кадр
Жол кырсыгы болгон жер
"Форсаж-4" тасмасынан кадр

Белгилүү “Форсаж” тасмасы аркылуу таанымал болгон америкалык актёр Пол Уокер мындан 3 жыл мурун, 2013-жылы 1-декабрда автоунаа кырсыгынан каза тапкан. Кырсык Калифорния штатындагы Санта-Кларита шаарында болгон.

Аталган шаарга актёр Филиппиндеги тайфундан жабыркагандарга акча чогултуу үчүн өткөрүлгөн кайрымдуулук акциясы үчүн барганы айтылган. Пол Уокер досунун унаасында жүргүнчү катары баратып кырсыкка учурап, экөө тең каза тапкан. Маалыматка ылайык, айдоочу рулду башкара албай калып, жогорку ылдамдыкта бараткан автоунаа даракты сүзүп, күйүп кеткен. 40 жаштагы актёр сентябрь айында тартылып баштаган “Форсаж-7” тасмасында роль жаратып жаткан эле.

Актёрдун: "Мен автоунааларды аябай жакшы көрөм. Эгерде бир күнү мени унаадагы ылдамдык өлтүрсө, кайгырбагыла. Анткени мен жылмайып баратып көз жумган болом", - деп айткан сөзү бар.

Пол Уокер 1973-жылы 12-сентябрда Калифорния штатындагы Глендейл шаарында төрөлгөн. Анын актёрдук карьерасы 2 жашында "Pampers Diapers" аттуу телевизиондук жарнамадан башталган.

Андан соң бир катар телекөрсөтүүлөргө жана жарнамалык түрмөктөргө тартылган. Ал эми кинодогу алгачкы ролун 13 жашында "Шкафтагы монстр" комедиясында аткарган. Андан соң "Үйдө ким кожоюн?", "Жаш жана эр жүрөктөр" тасмаларына тартылган. 1994-жылы П.Уокер "Тэмми жана Ти-Рекс" фильминде роль жаратат. Мындан тышкары актёр "Плезантвиль", "Студенттик команда" тасмаларында, 2001-жылдан тарта "Форсаж", "Форсаж-4", "Форсаж-5", "Форсаж-6", "Форсаж-7", "Бейишке кош келиңиздер!", "Артыңа карабастан чурка", "Бейиш долбоору" фильмдеринде башкы ролдорду жараткан.

1-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: