super.kg logo

Сайкал Садыбакасованын концерти "Кыргызстан" аттуу ыры менен жыйынтыкталды (фоторепортаж)

 

21:45. Сайкал Садыбакасованын чыгармачылыгынын 15 жылдыгына карата өткөрүлгөн жеке концерти "Кыргызстан" аттуу ыры менен жыйынтыкталды. Ырдап, бийлеп, баарына жетишкен ырчы бул концертинде өзүнүн күйөрмандарына жаңы чыгармаларын тартуулады. Кече соңунда ырчыны күйөрмандары гүлгө ороп, ийгилик каалап тарашты.

21:35. Казактын ырчы кызы Индира Елемес Сайкал Кыргыз жеринде эле эмес, коңшу өлкөлөрдө да популярдуу экенин айтып өттү. Ырчы өз репертуарындагы чыгарманы аткарган соң "Кыз-Бурак" тобунун "Практикант агай" ырын казак тилинде ырдады. Чыгарма Казакстанда да хит болгонун айткан Индира Елемес ыр үчүн Гүлшайыр Садыбакасовага ыраазычылыгын билдирип өттү.

21:25. Нурлан Насип менен Сайкал Садыбакасова "Бакыт издедик" чыгармасын тартуулашты. "Сайкал -кыргыздын ар тараптуу таланттуу кызы" деген Нурлан Насип ырчыга ийгилик каалады. Андан соң сахнага казак ырчысы Индира Елемес чыкты.

21:20. Сайкал Садыбакасова "Эстей жүр", "Сүйүүмдү сезбедиң" деген ырларын аткарды.

21:10. Учурда Ильяз Абдыразаков "Жамийла" ырын аткарууда. Алып баруучу Чыңгыз Мырзаев "Бул Жамийла Расул Маматкулов ырдап жүргөн качанкы Жамийла. Эми сен Жамийла эже деп ырдашың керек" деп тамашалай кетти.

21:00. Ошондой эле бул кечте ырчы маданиятка, музыкага кошкон салымы үчүн сыйлык, дипломдор менен сыйланды. Келген коноктор ырчыга каалоо-тилектерин билдирген соң Сайкал кайрадан элге белгилүү чыгармаларды сунду. Кеченин коноктору Жийдеш Идирисова, Ильяз Абдыразаков менен дуэт ырларды аткарды.

20:45. "Таланттуу адам ар тараптан таланттуу" дегендей, ырчы концертинде жаш комузчу Назбек Кенчинбаев менен бирге комузда кол ойнотту. "Сиздер үчүн аракет кылдым" деген Садыбакасова комуздун коштоосунда элдик ырды аткарды. Андан соң ырчыны куттуктоого келген конокторго сөз берилди.

20:35. Сайкал чыгармаларын залдагы эл менен кошо ырдап жатты. Ырчы "Кыз-Бурак" тобунун белгилүү "Ак куулардын арманы" ырын тартуулап жаткан кезде топтун мурдагы ырчылары Айжамал Кабылова, Гүлнара Калдарова сахнага бир-бирден чыга келишти. Алардын чыгуусун эл дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алды. "Биз үчүн баягы эле кичинекей, эркелеген Сайкал" деген ырчылар Сайкал Садыбакасовага көптөгөн ийгиликтерди каалап өтүштү.

20:25. Ырчы репертуарындагы "Алдаба", "Ыйлатпачы" сыяктуу ырларынан попурри аткарды. Ырчынын ар бир чыгуусун бийчилер, ошондой эле "Кыз-Бурак" тобунун ырчылары коштоп жатышты. Андан соң чакырылган конок ырчылардын бири Гүлжигит Калыков сахнага чыкты.

20:10. Чыңгыз Мырзаев "алманын түбүнө өрүк түшпөйт, апасы Эл артисти болсо, эжеси Сайкал Садыбакасова болсо" деп бүгүн сахнада тушоосу кесилген Эркинге чыгармачылык ийгилик каалап өттү. Алып баруучу "келе жаткан шайлоолорго карата "Алдаба" чыгармасын ырдайт" деп тамашалай сахнага Сайкал Садыбакасованы чакырды.

20:05. Бул кечте Гүлшайыр Садыбакасова кызы Сайкал жалгыз эмес экенин айтып өттү. Ошондой эле уулу эжесине сюрприз кылуу үчүн атайын Оштон келгенин билдирди. Сахнага чыккан уулу Эркин эжесин чыгармачылык кечеси менен куттуктап, сахнага алгачкы чыгуусу менен ыр белек тартуулады.

20:00. Ырчы "Асыл апам" ырын ырдап жаткан учурда Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова сахнага чыкты. Эл артисти залдагы элге: "Сиздерге ыраазымын, таазим кылууга уруксат этиңиздер. 2001-жылы "Кыз-Бурактын" чоң концертинде ырдап чыгып тушоосу кесилген эле. Мына ошондон бери элдин батасы менен өнүгүп-өсүп келе жатат", - деп кызына чыгармачылык ийгилик, бакыт каалап, ага арналган ырын окуду.

19:50. Учурда патриоттуулукка үндөгөн, кыргыздын жигиттерине арналган чыгармасын аткарууда. Ырчынын ар бир чыгуусун бийчилер коштоп жатышат. Залдагы көрүүчүлөр суратпай кол чаап, ырчыга гүл тартуулашууда.

19:40. Концерттин алып баруучулары Чыңгыз Мырзаев менен Нурзат Токтосунова сахнага чыгып ырчы тууралуу маалымат менен элге тааныштыра кетишти. Сахнада жүргөнүнө 15 жыл болгонун, жетишкен ийгиликтери, тасмада жараткан ролдору жөнүндө айтып, ырчы, обончу, актриса Сайкал Садыбакасованы сахнага чакырышты. Сайкал Садыбакасова Чолпонай менен биргеликте "Кыргыздын кызы" деген жаңы чыгармасын аткарды.

19:30. Белгиленген убакыттан бир саат өткөн соң ырчынын концерти башталды. Сайкал Садыбакасова бийчилердин коштоосунда сахнага чыкты. Репертуарындагы бир нече ырлардан попурри аткарды.

19:00. Бүгүн, 1-декабрда борбор калаадагы Спорт Ордосунда "Кыз-Бурак" тобунун ырчысы Сайкал Садыбакасованын жеке концерти башталуу алдында турат. Учурда залга ырчынын күйөрмандары кирип, өз орундарына жайгашып жатышат. Концерт 18:30да башталат деп айтылгандыктан, залдагы эл улам кол чабуу менен концерттин башталышын күтүп жаткандыгын билдирүүдө.


кошулду





Сайкал Садыбакасованын жеке концерти

Сайкал Садыбакасованын жеке концерти

Сайкал Садыбакасова чыгармачылыгынын 15 жылдыгын белгиледи

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(58)
SUPER.KG видео
02.12.2016. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец Сайкал, аябай жонокой жакшы кызссын,концертин дагы сонун болуптур,мындан ары дагы ийгиликтер коштоп журсун.
SUPER.KG видео
03.12.2016. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы болуптур,концерттеги бийчи кыздар кайсыл топтон?
Админ билип берсенер
SUPER.KG видео
03.12.2016. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Молодец Сайкал оз кемчиликтерин озу коруп айтып отурат бирок мен аны кемчилик деп эсептебейм. Концерт эн жакшы денгелде отконуно ишенем.
SUPER.KG видео
03.12.2016. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушунчалык жонокой,тартиптуу, ар бир созду орду менен суйлогон мыкты кыз.Негедир мага коп ырчылар жага бербейт бирок Сайкал супер.
SUPER.KG видео
03.12.2016. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
супер супер супер Сакуля) азаматсын баары мыкты,жогорку денгээлде болуптур.бул кыздын голосу озуно кыймылына жарашат,мага бул кыздын журоко жеткире ырдаганы жагат,шандуу ырды да сонун кылып бийлеп жагымдуу кылып аткарып койот азаматсын Сайкал.сенин ырларын кутуп,издеп табып угам.сен Кыргыз элине керектуу таланттуу ырчы кызсын,талантына таазим.онорун оркундой берсин,и концерттин толук версиясын Super kg ден кутуп калабыз.
SUPER.KG видео
03.12.2016. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Казак ырчысы ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2016-12-05 10:47:55
Медиа-портал
03.12.2016. 04:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Казак ырчысынын кызматташабыз дегени кыргызча ырларды алып турабыз, казакча которуп алып ырдайбыз дегениго.
SUPER.KG видео
03.12.2016. 04:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сайкалдын кечесин чынында Мега десе болот. Ушунчалык соонун болуптур. Света музыкаларды, сахнанын жасалгасын коруп Кыргызстан жакшы эле онолуп калганына козум жетти. Жана айтаар элем Комментарийлерди окуган ырчылар концерт берген ушундай болот. Дагы бир жолу ийгилик. толук версиясын Супер инфодон кутом ...
SUPER.KG видео
03.12.2016. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сакуня азамат.
SUPER.KG видео
03.12.2016. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай жакшы отуптур. Дайым унун жаныра берсин апан урмат сый коруп торунордо журо берсин.
Медиа-портал
03.12.2016. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алымканды фонограмма менен ырдагыны билинип калыптыр
Медиа-портал
03.12.2016. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ээээй туштук кызы карындашым садагов, садагасы
Медиа-портал
03.12.2016. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы бийчилер! Аябай сонун бийлешиптир
SUPER.KG видео
03.12.2016. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай соонун болуптур азаматсын сени сыйлагандар кобойсун сен элинди сыйла уй булоонду сыйла жеке концертин бердин эми жеке жашоонду да ойло
SUPER.KG видео
03.12.2016. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адымканды озу эле ырдаган негизи монтаж жакшы болбой калыптыр,Сайкал азамат сенден улгу алчу ырчылар кооп!
SUPER.KG видео
03.12.2016. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Комменттерге кошулам. Аябай кичипейил жонокой кыз. Ошол эле убакта талантту. Концерти мега болуптур. Азамат Сайкал. Дагыда болсо ийгиликтерди багынтып журо бер. Гулшайыр эжеге рахмат мыкты кызды тарбиялап койгонго.
SUPER.KG видео
03.12.2016. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Концертке сөз жок,залдын жасалгаланганы бир башка,мындайды Нурлан м.н Сайкалдын концертинде көрдүм болот экен го жасаса.өздөрүнүн сүрөттөрүн илип алыр эле концерт койо беришет.Сайкал бактылуу бол ишиңе ийгилик! Ильяз болсо жинге тийип Кайратка окшоп бийлеп калыптыр же жарашсачы.
SUPER.KG видео
03.12.2016. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Айжамал чон энеленбей эле каалоо айтып койбойсунбу
03.12.2016. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саат 6.30 башталат деп коюшуп,саат 7 болду деп шашпааай чачын жасатканы кызык го баарынан..кыргызбыз да,саат 6.30 да башталса немис болуп калышмак да анда
SUPER.KG видео
03.12.2016. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жагат мага ушул кыз
Толкунданып жатып көрдүм
Башка концерттердей эле концерт болот деп жооп берген экенсиң
Бул концерт өзгөчө концерт болуптур
КРда болгондо сөзсүз бармакмын
Гүлнара Калдарова менен Айжамал Кабылова келгени соооонун болуптур
Кенже эже келсе андан сонун болмок
Сайкал азаматсың
SUPER.KG видео
03.12.2016. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай бактылуу мырзанын бактысына жазылып турдуң экен еее
Медиа-портал
03.12.2016. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун концерт болуптур!
Чыгармачылык ийгилик, Сайкал!
SUPER.KG видео
04.12.2016. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Концерттин толук чыгарылышы качан чыгат эми
SUPER.KG видео
04.12.2016. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеке концертин мн баткенге да келчи.сагындык сени.бишкекте болгондого озум билет элем.бешенене эми жакшы жар табыл[moderated]
Медиа-портал
04.12.2016. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атам экообузго 1 штан, кантип чыгабыз кыштан дегендей Чынгыз м.н Нурзатка 1 миктафон
SUPER.KG видео
04.12.2016. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2016-12-05 16:32:57
Медиа-портал
04.12.2016. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун болуптур мага жакты!!! Койноктору да озуно жарашыктуу жылдыздуу кыз!!! Ишине ийгилик!!!Бактылуу кыздардан бол!!!
Медиа-портал
05.12.2016. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын! соонун болуптур магада аябай жактыда.
SUPER.KG видео
06.12.2016. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкты концерт болуптур.Молодец, умница и красавица.
08.12.2016. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкал,биз сени уй-булообуз менен ар дайым суйуп угабыз,молодец!Ошто бир тойдо баргансын,ото жонокой анан ачык кыз экенсин,бактылуу бол...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: