super.kg logo

Нооруз, румба бийи, Бельгиядагы сыра жасоо жолу ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирди

 

Нооруз, румба бийи, Бельгиядагы сыра жасоо жолу ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирди. Бул тууралуу БУУнун сайтында жарыяланды. Мындай чечим Эфиопиядагы Аддис-Абеба шаарында Материалдык эмес маданий мурастарды сактоо комитетинин жыйынында кабыл алынган.

"30-ноябрда Азербайжан, Ооганстан, Индия, Иран, Ирак, Казакстан, Кыргыз Республикасы, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия жана Өзбекстандан түшкөн сунуш менен Нооруз майрамы Материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине кирди. Эксперттер Бельгиянын да сунушун кабыл алып, сыра жасоо жолун жана анын дегустациясын да аталган тизмеге кошту", - деп айтылат маалыматта.

Бельгияда 1500дөй сыра түрү жасалат. Үйдө жасалган сыра баарынан белгилүү деп эсептелет.

Ошондой эле тизмеге кубалык румба бийи да кирген. Жыйын бүгүн жыйынтыкталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: