super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 2-ДЕКАБРЬ: Америкалык ырчы Бритни Спирс 35 жашка толду

 
Ырчы уулдары менен

Америкалык ырчы, "Грэмми" сыйлыгынын ээси, бийчи жана актриса Бритни Спирс 35 жашка толду. Ал 1981-жылы 2-декабрда АКШнын Луизиана штатындагы Кентвуд шаарында төрөлгөн. Бала чагында көркөм гимнастикага кызыгып, чиркөө хорунда ырдаган. Нью-Йорктогу актёрдук мектепте 3 жыл билим алган.

12 жашында "Дисней" телеканалында "Микки Маустун жаңы клубу" телекөрсөтүүсүндө иштеген. Андан соң Луизиана шаарына көчүп барып, "Innosense" тобуна вокалист болуп кирген. Ошондой эле "Backstreet Boys", "N Sync" топторунун концерттеринде ырдаган.

Анын алгачкы "Baby One More Time" аттуу ыры 1998-жылы чыгып, ырчыны жылдызга айланткан жана анын 9 миллиондон ашуун көчүрмөсү сатылган. Бир жылдан соң ушундай эле аталыштагы ыр жыйнагы чыккан. Ырчынын "Oops!… I Did It Again" аттуу экинчи ыр жыйнагы 2000-жылы чыгып, ийгилик алып келген. Мындан тышкары "Britney", "In The Zone", "Blackout", "Circus", "Femme Fatale", "Britney Jean" жыйнактары жарык көргөн. Бритни Спирс ырчылыктан тышкары актрисалык кесипти аркалап, "Кесилиштер", "Britney: For The Record" аттуу тасмаларда башкы ролду аткарган. 2006-жылы "Уилл жана Грейс" сериалында роль жараткан. Ал эми 2009-жылы ырчынын жашоосун чагылдырган "Бритни Спирс. Айнек артындагы жашоо" деген аталыштагы даректүү фильм жарык көргөн. 2013-жылы ырчы "Ooh La La" жана "Scream & Shout" деген ырларын, 2015-жылы австралиялык ырчы Игги Азалия менен бирге "Pretty Girls" аттуу композицияны жаздырган. "Slumber Party", "Glory", "Do You Wanna Come Over?", "Clumsy" жана башкалар Бритни Спирстин акыркы ырларына кирет. Ушул күнгө чейин ырчынын 4 китеби жарык көргөн.

"Forbes" журналы Бритни Спирсти шоу-бизнестеги эң бай аялдардын ичинен 12-орунга койгон. Себеби ал 2008-жылдан 2009-жылга чейин 35 миллион доллар киреше тапкан. 2011-жылы Б.Спирс ырчы Леди Гаганын колунан "MTV Video Music Awards" сыйлыгын алган.

2-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.12.2016. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик дагыда. Оз жашоосун кадырын билгендердин катарындагы Адам
02.12.2016. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ бул кызды мен чоон эле аял деп жургом мадонна курактуу эле корсо жаш эле тура
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: