Алмазбек Атамбаевдин 2016-жылкы иши сүрөттөрдө
Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мун менен


Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мун менен

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен баарлашуу

Чет өлкөдөгү сапарлардын биринде

Президент иш үстүндө. Интернет басылмаларынан жаңылыктарды окуп турарын президент 1-декабрда журналисттер менен жолугушууда айтты.

Алмазбек Атамбаев жазында ишембиликте

Президенттик аппараттын
маалыматтык-саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов менен

Аксы окуясын эскерүү үчүн президент Аксы районунун Боспиек айылына барды.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиев президентке маалымат берүүдө.

Журналисттер менен жолугушуу

2002-жылкы Аксы, 2010-жылкы Апрель окуяларынын баатырларына тургузулган монументтин жанында. 2016-жыл, март айы.

Иш үстүндө документтерге үңүлүү

Мамлекеттик түзүмдүн жетекчилери жана өкүлдөрү менен

Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиевди "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кабыл алган.

Баатыр энелерди сыйлоо аземи

Эл аралык иш-чаралардын биринде

Эл аралык иш-чаралардын биринде

Ооруканалардын биринде бейтап балдардын абалы менен таанышып чыккан.

Ала-Арча капчыгайы. Сүрөткө тартып жаткан Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев. Июнь айында Кыргыз жерине иш сапары менен келген Медведевди президент жаратылыш койнуна алып чыккан.

Президент өзү жараткан обондуу ырларын жаздыруу учурунда

Июнь айында президент Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышкан.

Ташкент, 2016-жылдын июну. Өзбекстандын ошол маалдагы президенти Ислам Каримов менен.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен

Алдынкы студенттерди сыйлоо аземинде

Июль айында Кыргыз Республикасына Германиянын канцлери Ангела Меркель иш сапары менен келди.

Президент үй-бүлөсү менен Ала-Арча капчыгайында

Футбол боюнча Кыргыз Республикасынын аялдар курама командасын дүйнөлүк чемпиондукта жараткан ийгилиги менен куттуктоодо.

Кыргыз мамлекетинин спортчуларын Бразилияда өткөн Олимпиада оюндарына узатуу алдында

Белгилүү диний аалымдар менен өлкөдөгү диний кырдаалды талкуулоо

Укук коргоо органдарында иштегендерге батирлердин ачкычын тапшыруу учурунан

Быйыл өлкө жетекчиси Алмазбек Атамбаев кызы Алия Шагиеваны турмушка узатты.

Жогорку Кеңештеги фракциялардын лидерлери менен жолугушуу

31-август - Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанатта президент сөз сүйлөдү.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына конок катары келген Голливуд жылдызы Стивен Сигалды Бишкекте кабыл алды.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде

Бишкек. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчылар кеңешинин жыйыны

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана Орусия лидери Владимир Путин менен

Орусия президенти Владимир Путин менен "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында

Өнөктөш өлкөлөрдүн президенттери Бишкекте

Армениянын президенти Серж Саргсян жана Алмазбек Атамбаев

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик советинин премьери Ли Кэцян ноябрь айында Бишкекке иш сапары менен келди.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков менен маектешүү

Өлкө жетекчиси Ош, Баткен облустарына 2 күндүк иш сапары менен барды.

Комментарийсиз

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кеңешчиси Калыкбек Султанов менен

Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтүнүн аяктаарына 1 жыл калды.
Кечээ, 1-декабрда Алмазбек Атамбаевдин расмий түрдө Кыргыз Республикасынын Президенти катары ишке киришкенине 5 жыл болду. Үстүбүздөгү жыл президенттин катышуусундагы саясий окуяларга бай болду. Окурман катары сиз да алардан кабардарсыз, ал эми айрым окуялардан кабарыңыз жок болушу мүмкүн. Төмөнкү сүрөттөрдө Алмазбек Атамбаевдин 2016-жылкы ишмердүүлүгү чагылдырылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
5

