super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 3-ДЕКАБРЬ: Ырчы Неля бүгүн туулган күнүн жакындары менен тосуп, достору менен башка күнү белгилейт

 

Бүгүн, 3-декабрда ырчы Неля 33 жашка толуп жатат. Бул күндүн күнөөкөрүн куттуктап байланышка чыкканыбызда, конок тосуп жатканын айтты. Ал өздүк майрамын жакындары менен тосуп, кечке маал дагы конок келерин кошумчалады.

"5-6 жылдан бери туулган күнүмдү шеринелеш досторубуз менен өзгөчө тематикада өткөрүп келчүбүз. Бул салтка айланып калган. Быйыл шеринеге катышкандар Бишкекте болбой, колдору бошобой, 12-декабрга жылдырдык. Бүгүн болсо жакындарым менен үйдө тосмой болдум. Эртеден бери куттуктоолор келип жатат. Жолдошум да өзгөчө куттуктап сүйүнттү", - деди ырчы.

Ал эми ырчынын жолдошу Урмат Усенов жубайын Instagram баракчасын аркылуу куттуктап, ага ыраазычылык билдирген.

"Бүгүн биздин үйдө өзгөчө күн, достор! Бүгүн түгөйүмдүн туулган күнү. Кубанычта, кайгыда, өйдөдө, ылдыйда мени менен чогуу болуп, Жаратканымдын каалоосу менен бизге бир уул, бир кызды тартуулаганың үчүн сага рахмат! Азыр экөөлөп жогору карай түртүп бара жаткан арабабыз, буюрса, белге чыкса, төмөн карай өзү зуулдаганда, ичине үй-бүлөбүз менен түшүп алып ырахатын сезер күн бар экенине ишенем. Мага канат болуп, үйдө күтүп алар жан сенсиң. Кудайым сага ден соолук, өмүр, орток бакыт берсин ылайым! Мага дайым күлкү тартуулаганга болгон аракетиңди билем, сезем. Биздин бактыбызга бар бол. Дагы бир жолу туулган күнүң менен, кабыргам!" - деген Усенов.

3-декабрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
03.12.2016. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туулган кунун кут болсун!
Уй-булолук бакыт, ишинде ийгиликтер болсун!
03.12.2016. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оздук майрамыныз кут болсун. Сиздер эн улгулуу жубайсыздар.Аллахым сиздерди озу колдосун. Чыгармачылык ишиниздерге иигилик.Бактылуу болунуздар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: