super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 4-ДЕКАБРЬ: Ырчы, алып баруучу Тайра Бэнкс 43 жашка толду

 

Мындан 43 жыл мурун, 1973-жылы америкалык модель, актриса, ырчы, продюсер жана алып баруучу Тайра Бэнкс туулган.

Парижде, Миланда, Лондондо, Токиодо жана Нью-Йоркто модель болуп иштеп жүргөн, бирок атактуулукка телевидениеге чыкканда жеткен. Тайра "Тайра Бэнкстин шоусу" ток-шоусун, "Американча топ-модель" реалити-шоусун ачып, 2014-жылга чейин алып барган. Эштон Кутчер менен биргеликте "True Beauty" телеберүүсүн алып барат. 2009-жылы GLAAD уюмунан өзүнүн телеберүүлөрүндө ЛГБТИКС (лесбиянкалар, гейлер, бисексуалдар, трансгендерлер, интерсексуалдар, квирлер, союзниктер) көйгөйлөрүн чагылдырганы үчүн атайын сыйлыкка ээ болгон.
Тайра Бэнкс тууралуу фактылар:
  • 17 жашында "Elite" моделдик агенттиги менен келишим түзгөн.
  • 18 жашында Майкл Жексондун "Вlack or White" ырынын клибине тартылган.
  • Моделдин бели 61 сантиметрге барабар болсо, бою 178 сантиметр.
  • 33 жашында дүйнөнүн эң жогору төлөнүүчү модели болууга жетишкен.
  • 37 жашында "IMG Models" моделдик компаниясы менен келишим түзгөн.

4-декабрдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: