super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 6-ДЕКАБРЬ: Белгилүү орус актёру Александр Балуев 58 жашка толду

 
Актёр үй-бүлөсү менен

Белгилүү орус актёру Александр Балуев 58 жашка толду. Ал 1958-жылы 6-декабрда Москва шаарында төрөлгөн. Атасы аскер кызматкери болгондуктан, уулун дагы бул кесипти тандайт деп кыялданчу. Актёр бала чагында спортко кызыгып, бирок апасы аны театрга көп алып баргандыктан, актёр болууну самай баштайт.

Мектепти аяктаган соң "Мосфильм" киностудиясында жарык берүүчүнүн жардамчысы болуп иштейт. Бир жылдан кийин Москва көркөм академиялык театрына тапшырып, аны бүтүргөн соң Орусия армиясынын театрында иштейт. Ал жерден "Жебесиз саат", "Теректер туруп өлүшөт" сыяктуу спектаклдерде роль жаратат.

1986-жылы актёр М.Ермолова атындагы Москва театрына которулуп, "Эркиндиктеги экинчи жыл", "Түрмөдөн алыс эмес жердеги кар" жана "Калигула" спектаклдеринде ойнойт. Ушул ролдорунан кийин ал таланттуу жана ар тараптуу артист катары тааныла баштаган. Ал кинодогу алгачкы ролдорун 80-жылдардын ортосунда ойногон. Алгач "Егорка", "Керосинчинин жубайы" тасмаларына тартылат.

А.Балуевдин режиссёр Станислав Говорухиндин "Аялга бак тилегиле" тасмасындагы ролу миңдеген күйөрмандарды чогулткан. Мындан тышкары ал "Антикиллер", "Атлантида", "Олигарх", "Офицерлер", "Кандагар", "Спецназ-2", "Москва жомогу" сыяктуу белгилүү тасмаларда роль жараткан. Ал "Мусулман" киносунда жараткан ролу үчүн "Кинотавр" сыйлыгын алган. Ал эми "Империялардын кыйрашы" көркөм тасмасындагы ролу үчүн Федералдык коопсуздук кызматынын өнөр адамдарына берилүүчү сыйлыгына татыган.

Ал орус актёрлорунун ичинен биринчилерден болуп Голливуддун кино жаратуучулары менен кызматташа баштаган. Айта кетсек, "Тынчтыкты жаратуучу" жана "Иримге туш келүү" аттуу боевик жанрындагы кинолордо тартылып, батыш элине таанылган.

6-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: