super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Практикант агай" клибинде окуучулук кезди эстеп образга киргенбиз" дейт "Кыз-Бурак" тобунун ырчысы

 

"Кыз-Бурак" тобунун белгилүү "Практикант агай" ырынын клибин тартуу учурунда ырчы кыздар мектеп окуучусунун образына кире албай кыйналышкан. Бул тууралуу аталган топтун ырчысы Азалия мындай дейт:

"Көпчүлүгүбүз мектепти эчак бүтүп кеткендиктен, мектеп формасын кийип, сабакта отургандай ролго кирүү кыйын болгон. Анан окуучулук күндөр эске түшүп, образга киргенбиз. Тартуу иштери башталганда баары өзүнөн-өзү болуп кетти, кээ бир кадрлар кошумчаланып жатты. Бул ырга клип тартууну көптөн бери ойлонуп жүргөн элек. Идеясы Сайкал Садыбакасовага таандык. Бишкектеги мектептердин биринде бир күндө тартылып бүткөн".

Башкы каарман жигит "Тамашоудо" ойноп жүргөндүктөн, уялчаак практикант агайдын образын жаратуу кыйынга турбаганын жана берилүү менен аткарганын кошумчалай кетти.

"Кыз-Бурак" тобунун "Практикант агай" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: