super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 7-ДЕКАБРЬ: Орусиялык "Звери" тобунун ырчысы Рома Зверь 39 жашка толду

 
"Звери" тобу

Орусиялык "Звери" тобунун ырчысы Рома Зверь (чын аты-жөнү - Роман Билык) 39 жашка толду. Ал 1977-жылы 7-декабрда Орусиянын Таганрог шаарында тө­рөл­гөн. Дондогу Куруучулук жа­на экономикалык колледжди бүтүргөн.

2000-жылы 24-июнда Москва шаарына келип, заманбап искусство музейинин курулуш аянтчасына жумушка кирет. 2001-жылдын сентябрь айында "Звери" тобун негиздеген. "Для тебя", "Просто такая сильная любовь", "Всё, что тебя касается", "До скорой встречи" жана "Рома, извини" деген аталыштагы ырлар аталган топко атактуулукту алып келген. 2007-жылы жаз айында "Forbes" журналы "Звери" тобун Орусиядагы эң көп каражат тапкан топтордун катарына киргизген.

2006-жылы ырчы Москвага келгенге чейинки жашоосун чагылдырган "Тапанча-жамгырлар" деген китеп жазып чыгарган. Ошондой эле 2011-жылы "3veri" деген бренддеги кийимдерди чыгарып, ошол эле жылы НТВ телеканалында Виктор Вержбицкий менен "Оюн" программасын алып барган. 2011-жылы Р.Зверь режиссёр Валерий Гай Германиканын "Бактылуу жашоонун кыска курсу" деген сериалында башкы ролду жараткан. Ырчы велоспортко, пинг-понг спортуна кызыгып, балык уулаганды, сүрөтчүлүктү жакшы көрөт.

7-декабрга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: