Бүгүн "Супер концертте" белгилүү ырчылар дуэт аткарып, күлкү жаратуучулар көрүүчүлөрдү күлкүгө бөлөшөт














Бүгүн, 9-декабрда борбор калаадагы Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда көпчүлүктү чыдамсыздык менен күттүргөн SUPER.KG порталынын 10 жылдык мааракесине байланыштуу "Супер концерт" орун алат. Бул чоң концертке ырчылар атайын дуэттерди жаздырып, кызуу даярдык көрүшүүдө. Белгилей кетсек, концертте Съездбек Искеналиев менен ырчы Асема "Айланайын", Айчүрөк Иманалиева жана Данияр Эрматов "Роза гүлү", Дайыр Исмадияров менен Анжелика "Кызыл гүлүм, ай", Айдана Дека жана Алина Жетигенова "Кыздын сыры" ырларын дуэт ырдашат. Мындан сырткары белгилүү ырчылар Гүлнур Сатылганова, Айгерим Расул кызы, Гүлжигит Сатыбеков, Нурлан Насип, Гүлжигит Калыков, Бактияр Токторов, Аваз Акимов, Нурмат Садыров, Кенже Дүйшеева, Жийдеш, ошондой эле, "Non-Stop", "Кыз-Бурак", "Заман", "Добулбас", "Жебе" топтору да күйөрмандарга өз өнөрлөрүн тартуулашса, күлкү жаратуучулар Актан Рыскелдиев, Мыктыбек Мукаев, Нурсултан Курсанали уулу көрүүчүлөрдү күлкүгө бөлөшмөкчү.
Бул чоң концерттин дагы бир өзгөчөлүгү - анын "Супер сулуу-2016" сынагы менен коштолушу. Сынактын катышуучулары өздөрүн тааныштырып, чыгыш бийлерин бийлеп, кече көйнөктөрүн көрсөтүшөт. Калыстардын чечими менен эң мыкты делген сулуу кыштын ызгаар суугунда Бали экзотикалык аралына эс алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Эскерте кетсек, SUPER.KG порталы 10 жылдыгынын урматына видеосынак жарыялап, анын жеңүүчүлөрү аныкталган. Дал ошол сынактын жеңүүчүлөрүнө да ушул концертте сахнада байгелери тапшырылат.
Анда эмесе, концертке билет сатып алууга шашылыңыздар! Билеттерди Спорт Ордосунун кассасынан, "Супер-Инфо" гезитинин кеңсесинен (Фрунзе көчөсү-402), SUPER.KG порталынын кеңсесинен (Күрөңкеев көчөсү-180), "Ош базарынын" радио түйүндөрүнөн жана (0704) 44-11-20 телефону аркылуу сатып алсаңыз болот.
кошулду
Анжелика, Дайыр Исмадияров "Кызыл гүлүм, ай"
Алина Жетигенова, Айдана Дека "Кыздын сыры"
Айчүрөк Иманалиева, Данияр Эрматов "Роза гүлү"
Асема, Съездбек Искеналиев "Айланайын"



Порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек. Порталдын эрежелерин сактаңыз!
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
Саламатсызбы! http://www.super.kg/media/audio/87513/,
http://www.super.kg/media/audio/108533/
"Издөө" функциясын колдонуп, издеген ырыңыздын атын же аткаруучусун жазып тапсаңыз болот.
Эн туура жаздыныз
Саламатсызбы! Жакында көрө аласыз.